Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 26-февралы № 63-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңешинин ишин координациялоо жана оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-майындагы № 184-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган буйрук менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңешинин курамы:
төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын чек аралык маселелер, региондук өнүктүрүү, агроөнөр жай комплекси, суу ресурстары маселелерин тейлөөчү вице-премьер-министри, Кеңештин төрагасынын орун басары;";
төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри;".
Премьер-министр | С. Дж. Исаков |