Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 10-июлу № 257-б
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-сентябрындагы № 355-б буйругунун редакциясына ылайык)
2019-жылга республикалык бюджетте региондорду өнүктүрүүгө каралган бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 11-январындагы № 1 "2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө" Жарлыгын аткаруу үчүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-мартындагы № 194 токтому менен бекитилген 2018-2022-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасынын региондук саясатынын концепциясына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Инвестициялык бизнес-долбоорлорду, инфратүзүмдүк долбоорлорду жана өнүктүрүү программаларын тандоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Конкурстук комиссия (мындан ары - Конкурстук комиссия) 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Инвестициялык бизнес-долбоорлорду, инфратүзүмдүк долбоорлорду жана өнүктүрүү программаларын тандоо тартиби жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Конкурстук комиссия бир айлык мөөнөттө инвестициялык бизнес-долбоорлорду, инфратүзүмдүк долбоорлорду жана өнүктүрүү программаларын конкурстук тандоо жол-жобосун баштасын.
4. Конкурстук комиссиянын катчылыгы болуп Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги аныкталсын.
5. Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги:
- конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча ар бир кварталдык негизде долбоорлорду ишке ашырууга мониторинг жүргүзсүн жана отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейин маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берсин;
- инвестициялык бизнес-долбоорлорду, инфратүзүмдүк долбоорлорду жана өнүктүрүү программаларын конкурстук тандоо процесси жөнүндө жарыялоолорду өзүнүн расмий сайтына жайгаштыруу жолу менен маалыматтык ишти үзгүлтүксүз негизде жүргүзсүн.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө, уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
|
| 1-тиркеме |
Инвестициялык бизнес-долбоорлорду, инфратүзүмдүк долбоорлорду жана өнүктүрүү программаларын тандоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Конкурстук комиссиянын КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын финансылык-экономикалык блокту, инвестицияларды тейлеген вице-премьер-министри, Конкурстук комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары, уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы, Конкурстук комиссиянын төрагасынын орун басары.
Конкурстук комиссиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Экономика министри;
Кыргыз Республикасынын Финансы министри;
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү саясаты, экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн башчысы.
2-тиркеме
Инвестициялык бизнес-долбоорлорду, инфратүзүмдүк долбоорлорду жана өнүктүрүү
программаларын тандоо тартиби жөнүндө
ЖОБО

1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо инвестициялык бизнес долбоорлорду, инфратүзүмдүк долбоорлорду жана өнүктүрүү программаларын тандоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Конкурстук комиссиянын (мындан ары - Конкурстук комиссия) ишинин тартибин аныктайт.
2. Конкурстук комиссия инвестициялык бизнес-долбоорлорду, инфратүзүмдүк долбоорлорду жана өнүктүрүү программаларын тандоо боюнча консультациялык - кеңеш берүүчү орган болуп саналат.
3. Инфратүзүмдүк долбоор - бизнести өнүктүрүүгө көмөк көрсөткөн, курулмаларды, имараттарды жана инженердик түйүндөрдү (жолдор, суу менен камсыздоо жана суу бөлүштүрүү системалары, ирригация, электр энергиясын берүү линиялары, имараттар жана курулмалар, ошондой эле башка негизги өндүрүш фонддору) куруунун алдын-ала техникалык негиздемелерине ээ болгон долбоор.
4. Инвестициялык бизнес-долбоор - болгон товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууга же жаңыларын түзүүгө, же иштеп жаткан өндүрүштөрдү реконструкциялоого же модернизациялоого багытталган түз инвестицияларды, долбоордук каржылоону же башка финансылык инструменттерди ишке ашыруунун экономикалык максатка ылайыктуулугун, көлөмүн, мөөнөттөрүн жана башка шарттарын толук баяндоону жана негиздөөнү караштырган документ.
5. Өнүктүрүү программасы - өнүктүрүүнү камсыздоо максатында каржылоонун ар түрдүү шарттары менен экономиканын белгилүү секторлорун, аймактарды же ишканаларды экономикалык өнүктүрүүгө багытталган долбоор (аутсорсинг, ишенимдүү башкаруу, капиталга катышуу, инновациялык каржылоону берүү ж.б.).
6. Өтүнмө ээлери - ишкердик субъекттери, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары.
7. Инвестициялык жана финансылык институттар - коммерциялык пайда алууга жана ишкананын экономикалык өсүшүн камсыз кылууга багытталган кредиттик мүнөздөгү каржылоонун, капиталга инвестициялоонун (же карыздык жана инвестициялык мүнөздөгү комбинациянын) ар түрдүү инструменттерин колдонгон жеке же мамлекеттик менчик формасына ээ болгон финансылык-инвестициялык уюмдар.
8. Финансы-кредиттик мекемелер - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан жөнгө салынуучу коммерциялык банктар жана башка кредиттик мекемелер түрүндөгү финансылык мекемелер.
2. Конкурстук комиссиянын иш тартиби
9. Конкурстук комиссия өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын жана ушул Жобонун негизинде ишке ашырат.
10. Конкурстук комиссиянын негизги максаты Кыргыз Республикасынын региондорунун туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жетишүү максатында кредиттерге жана башка финансылык ресурстарга өтүнмө ээлеринин жетүүсүн камсыз кылуу жана колдоо көрсөтүү болуп саналат.
11. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-сентябрындагы № 355-б буйругуна ылайык күчүн жоготту)
12. Конкурстук комиссия:
- конкурстук тандоонун шарттарын аныктайт жана критерийлерин бекитет;
- инвестициялык бизнес-долбоорлорду, инфратүзүмдүк долбоорлорду жана өнүктүрүү программаларын тандоону жүзөгө ашырат.
13. Конкурстук комиссиянын мүчөлөрү өздөрүнүн иштерин коомдук башталышта ишке ашырышат.
14. Конкурстук комиссия өзүнө жүктөлгөн милдеттерди чечүү үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- ишкердик субъекттерин кредиттөө бөлүгүндө кошумча шарттарды киргизүүгө;
- өзүнүн чечими менен Конкурстук комиссиянын алдында турган маселелерди аткаруу үчүн тийиштүү багыттар боюнча Конкурстук комиссияга караштуу эксперттик (жумушчу) топторду түзүүгө;
- аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнөн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, инвестициялык жана финансылык институттардан иши үчүн керектүү документтерди, өзүнүн ишин уюштуруу үчүн маалыматтык жана эксперттик материалдарды белгиленген тартипте сурап алууга;
- сунушталган долбоорлор боюнча эксперттик баалоону ишке ашыруу үчүн аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынан, башка уюмдардын адистерин жана эксперттерди белгиленген тартипте ишке тартууга.
15. Конкурстук комиссиянын ишин уюштуруу-методикалык, маалыматтык жана техникалык камсыз кылуу Конкурстук комиссиянын катчылыгы (мындан ары - Катчылык) тарабынан ишке ашырылат.
16. Өтүнмө ээлери Катчылыкка инвестициялык бизнес-долбоорлорду, инфратүзүмдүк долбоорлорду жана өнүктүрүү программаларын киргизишет.
17. Катчылык конкурстук комиссия тарабынан бекитилген критерийлерге шайкеш келишине алгачкы баалоону жүргүзөт.
18. Инвестициялык бизнес-долбоорлор финансы-кредиттик мекемелердин эксперттик баалоосун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн корутундуларын эске алуу менен Катчылык тарабынан каралат.

19. Инвестициялык бизнес-долбоорлор, инфратүзүмдүк долбоорлор жана өнүктүрүү программалары тиешелүү мамлекеттик органдардын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн корутундуларынын негизинде Катчылык тарабынан каралат.

20. Катчылык тийиштүү экспертизаны жүргүзүүдө мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдарды, ошондой эле тийиштүү багыттар боюнча инвестициялык жана финансылык институттарды тартат.
21. Катчылыкка келип түшкөн инвестициялык бизнес-долбоорлор, инфратүзүмдүк долбоорлор жана өнүктүрүү программалары алар катталган күндөн тартып 7 жумуш күндүн ичинде каралышы керек.
22. Конкурстук комиссия бекиткен критерийлерге жооп берүүчү келип түшкөн инвестициялык бизнес-долбоорлордун, инфратүзүмдүк долбоорлордун жана өнүктүрүү программаларынын арасынан, ошондой эле тийиштүү эксперттик баалоолорду эске алуу менен жана оң корутундулар берилген учурда Катчылык тизмени түзөт жана аны Конкурстук комиссиянын кароосуна жиберет.

23. Конкурстук комиссия келип түшкөн бизнес-долбоорлорду, инфратүзүмдүк долбоорлорду жана өнүктүрүү программаларын түшкөн күндөн баштап 15 жумуш күндүн ичинде карап чыгат жана тандайт.

24. Конкурстук комиссиянын жыйындары зарылдыгына жараша өткөрүлөт. Конкурстук комиссиянын жыйындары, эгер ага мүчөлөрүнүн жалпы санынан 2/3синен кем эмеси катышса укуктуу болуп саналат.
25. Конкурстук комиссиянын инвестициялык бизнес-долбоорлорду, инфратүзүмдүк долбоорлорду жана өнүктүрүү программаларды тандоо боюнча чечимдери жыйынга катышкан Конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болгон учурда, Конкурстук комиссиянын төрагасы, ал жок учурда - төраганын орун басары добуш берген чечим кабыл алынды деп эсептелет. Конкурстук комиссиянын чечимдери протокол менен таризделет жана жыйынга катышкан Конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн колдору коюлат. Кароо жана чечим кабыл алуунун жүрүшүндө Конкурстук комиссиялардын мүчөлөрүнүн өзгөчө пикирлери милдеттүү түрдө протоколго киргизилет. Конкурстук комиссиянын жыйындарынын протоколдорунун көчүрмөлөрү анын мүчөлөрүнүн баарына жөнөтүлөт.

26. Конкурстук комиссиянын төрагасы жок учурда, анын милдеттерин төраганын орун басары аткарат.
27. Материалдар (долбоорлор), күн тартиби, жыйындын датасы Конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнө жыйын башталганга чейин жети календардык күндөн кечиктирилбестен Катчылык тарабынан жөнөтүлөт.
28. Конкурстук комиссиянын ишинин жыйынтыктары Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин www.invest.gov.kg расмий сайты аркылуу Катчылык тарабынан коомчулукка жеткирилип жана үзгүлтүксүз жарыяланып турат.
29. Мында Конкурстук комиссия бекиткен тандоо критерийлери багыттардын төмөнкүдөй негизги мүнөздөмөлөрүн чагылдырышы керек:
- инвестициялык бизнес-долбоорлордун, инфратүзүмдүк долбоорлордун жана өнүктүрүү программаларын максатынын регионду социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн негизги программалык максаттарына шайкештиги;
- түзүлгөн жумуш орундарынын саны/өндүрүштү кеңейтүү;
- жергиликтүү сырьёну пайдалануу, ошондой эле экспорттук потенциалды жогорулатуу;
- бизнес үчүн инфратүзүмдү жакшыртуу;
- республиканы өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарына жооп берген башка критерийлер;
ошондой эле төмөнкүдөй багыттар боюнча өнөр жай ишинин түрлөрү:
- инновациялык технологияларга негизделген өнөр жай өндүрүшүнүн бардык түрлөрү;
- жеңил жана тамак-аш өнөр жайы;
- электр энергетикасы;
- айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү;
- жыйноо өндүрүшү;
- экспортко багытталган кандай гана болбосун өндүрүш.

30. Бийик тоолуу, жетүүгө кыйын, алыс жана чек ара жанындагы өзгөчө статуска ээ болгон аймактарда жайгашкан өтүнмө ээлеринен келип түшкөн инвестициялык бизнес-долбоорлор, инфратүзүмдүк долбоорлор жана өнүктүрүү программалары артыкчылыктуу мүнөзгө ээ болот.

2-1. Региондук конкурстук комиссиялардын ишинин тартиби
(Глава КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-сентябрындагы № 355-б буйругунун редакциясына ылайык)
30-1. Региондук конкурстук комиссиянын негизги максаты облустардын деңгээлинде арыз ээлеринен келип түшкөн инвестициялык бизнес-долбоорлорду, инфратүзүмдүк долбоорлорду жана өнүктүрүү программаларын чогултуу жана тандап алуу болуп саналат.

30-2. Региондук конкурстук комиссиянын мүчөлөрү өзүнүн ишин коомдук негизде аткарышат.

30-3. Бизнес-долбоорлорду, инфратүзүмдүк долбоорлорду жана өнүктүрүү программаларын тандап алуу боюнча региондук конкурстук комиссия жөнүндө жобо жана анын курамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн буйругу менен бекитилет.

30-4. Бизнес-долбоорлорду, инфратүзүмдүк долбоорлорду жана өнүктүрүү программаларын тандап алуу боюнча региондук конкурстук комиссиянын төрагасы болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү саналат.
Региондук конкурстук комиссиянын төрагасы жок учурда анын милдеттерин төраганын орун басары аткарат.

30-5. Бизнес-долбоорлорду, инфратүзүмдүк долбоорлорду жана өнүктүрүү программаларын тандап алуу боюнча региондук конкурстук комиссиянын чечимдери жыйынга катышкан региондук конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең чыкканда, региондук конкурстук комиссиянын төрагасы же ал жок болсо - төраганын орун басары добуш берген чечим кабыл алынат.

30-6. Региондук конкурстук комиссиянын курамы Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин өкүлдөрүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларын, коммерциялык эмес уюмдардын, финансылык-кредиттик мекемелердин жана бизнес-коомчулуктардын өкүлдөрүн милдеттүү түрдө киргизүү менен түзүлөт жана 11 адамдан турат.

30-7. Региондук конкурстук комиссиянын ишин уюштуруу-методикалык, маалыматтык жана техникалык жактан камсыздоону Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты ишке ашырат.

30-8. Материалдар (инвестициялык бизнес-долбоорлор, инфратүзүмдүк долбоорлор жана өнүктүрүү программалары) жана жыйындын күн тартиби региондук конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты тарабынан жыйын башталганга чейин беш күндөн кечиктирбей жиберилет.

30-9. Инвестициялык бизнес-долбоорлорду, инфратүзүмдүк долбоорлорду жана өнүктүрүү программаларын кароо жана тандоо мөөнөтү Региондук конкурстук комиссиянын кароосуна киргизилгенден кийин - 15 календардык күн.

30-10. Региондук конкурстук комиссиялар Катчылыкка Конкурстук комиссия бекиткен критерийлерге жооп берген, келип түшкөн инвестициялык бизнес-долбоорлордун, инфратүзүмдүк долбоорлордун жана өнүктүрүү программаларынын тизмесин жиберет.

30-11. Региондук конкурстук комиссиялардын жыйыны зарылдыгына жараша өткөрүлөт жана алардын жалпы мүчөлөрүнүн кеминде 2/3 катышса ыйгарым укуктуу болуп саналат.

30-12. Инвестициялык бизнес-долбоорлорду, инфратүзүмдүк долбоорлорду жана өнүктүрүү программаларын тандап алуу боюнча региондук конкурстук комиссиянын чечимдери протокол менен таризделет жана жыйынга катышкан региондук конкурстук комиссиянын мүчөлөрү тарабынан кол коюлат. Региондук конкурстук комиссиянын мүчөлөрү тарабынан кароонун жүрүшүндө жана чечимди кабыл алууда айтылган өзгөчө пикирлер милдеттүү түрдө протоколго киргизилет. Региондук конкурстук комиссиянын жыйындарынын протоколдорунун көчүрмөлөрү анын бардык мүчөлөрүнө жиберилет.

30-13. Региондук конкурстук комиссиянын жыйынынын протоколу, тиешелүү инвестициялык бизнес-долбоорлор, инфратүзүмдүк долбоорлор жана өнүктүрүү программалары тиркелип, Катчылыкка жиберилет.

3. Каржылоо механизми
31. Конкурстук комиссиянын чечимдери Конкурстук комиссия тарабынан жактырылган, тийиштүү инвестициялык бизнес-долбоорлорду, инфратүзүмдүк долбоорлорду жана өнүктүрүү программаларын каржылоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун даярдоо үчүн Катчылыкка жөнөтүлөт.

32. Республикалык бюджетте 2019-2020-жылдарга региондорду өнүктүрүүгө каралган каржылоонун өлчөмү, ошондой эле "Центерра Голд Инк." компаниясы менен "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коому 2019-жылдын 7-августунда кол койгон Стратегиялык макулдашуу боюнча Бир тараптуу милдеттенмелерди жана Стратегиялык макулдашууну ишке ашыруунун алкагында келип түшкөн Кыргыз Республикасынын региондорунда билим берүү, саламаттык сактоо, спорт, эс алуу жана жергиликтүү коомчулук үчүн башка демилгелер чөйрөсүндө социалдык долбоорлорду каржылоого каражаттар:
- инфратүзүмдүк долбоорлор боюнча - бардык каражаттардын 20%нан ашпашы керек;
- инвестициялык долбоорлор жана өнүктүрүү программалары боюнча - бардык каражаттардын 80%нан кем эмесин түзүшү керек.

33. Өнүктүрүү программаларын каржылоо региондорду өнүктүрүүгө каралган, республикалык бюджеттин каражаттарынан тийиштүү финансы-кредиттик мекемелер, өнүктүрүү институттары, фонддор аркылуу аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларынын максаттарына жооп берген конкреттүү инвестициялык долбоорлор боюнча жүргүзүлөт.

34. Тандап алынган инвестициялык бизнес-долбоорлорду, инфратүзүмдүк долбоорлорду жана өнүктүрүү программаларын кредиттөө жана инвестициялык каржылоо инвестициялык жана каржылык институттар, ошондой эле финансы-кредиттик мекемелер аркылуу региондорду өнүктүрүүгө каралган республикалык бюджеттин каражаттарынан жана Стратегиялык макулдашууну, "Центерра Голд Инк." компаниясы менен "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коому 2019-жылдын 7-августунда кол койгон Стратегиялык макулдашуу боюнча Бир тараптуу милдеттенмелерди ишке ашыруунун алкагында келип түшкөн Кыргыз Республикасынын региондорунда билим берүү, саламаттык сактоо, спорт, эс алуу жана жергиликтүү коомчулук үчүн башка демилгелер чөйрөсүндө социалдык долбоорлорду каржылоо каражаттарынан жүргүзүлөт.

35. Инвестициялык жана кредиттик ресурстарды берүү шарттары өтүнмө ээси менен финансы-кредиттик мекемелердин, ошондой эле инвестициялык жана финансылык институттардын ортосундагы тийиштүү макулдашуулар менен аныкталат.
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-декабрындагы № 469-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ