Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 11-июлу № 259-б
Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы достук мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү андан ары бекемдөө, ошондой эле өз ара аракеттенүүнү өркүндөтүүгө ар тараптуу көмөк көрсөтүү максатында:
1. 2020-жылы Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясында жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасында кайчылаш жылына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети (мындан ары - уюштуруу комитети) тиркемеге ылайык курамда бекитилсин.
2. Уюштуруу комитети 2019-жылдын 15-июлуна чейин тиешелүү иш-чаралардын планынын долбоорун иштеп чыксын жана россиялык тараптын кароосуна жиберсин.
3. Кыргыз Республикасынын тиешелүү министрликтери, мамлекеттик комитеттери жана административдик ведомстволору пландалган иш-чаралардын негизинде чыгымдар сметасын түзүшсүн жана аны бекитишсин.
4. Уюштуруу комитетине министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун адистерин ишке тартууга, ошондой эле жүктөлгөн милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон материалдарды жана маалыматтарды сурап алууга укук берилсин.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө, эл аралык кызматташтык бөлүмүнө, билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
|
| Тиркеме |
2020-жылы Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясында жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасында кайчылаш жылына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин КУРАМЫ
“Кыргыз Рсепубликасынын биринчи вице-премьер-министри,уюштуруу комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча).
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри;
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри;
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри;
Кыргыз Республикасынын Экономика министри;
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү саясаты, экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти (макулдашуу боюнча).
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 6-мартындагы № 70-б буйругуна ылайык КҮЧУН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 11-июлу № 259-б
Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы достук мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү андан ары бекемдөө, ошондой эле өз ара аракеттенүүнү өркүндөтүүгө ар тараптуу көмөк көрсөтүү максатында:
1. 2020-жылы Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясында жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасында кайчылаш жылына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети (мындан ары - уюштуруу комитети) тиркемеге ылайык курамда бекитилсин.
2. Уюштуруу комитети 2019-жылдын 15-июлуна чейин тиешелүү иш-чаралардын планынын долбоорун иштеп чыксын жана россиялык тараптын кароосуна жиберсин.
3. Кыргыз Республикасынын тиешелүү министрликтери, мамлекеттик комитеттери жана административдик ведомстволору пландалган иш-чаралардын негизинде чыгымдар сметасын түзүшсүн жана аны бекитишсин.
4. Уюштуруу комитетине министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун адистерин ишке тартууга, ошондой эле жүктөлгөн милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон материалдарды жана маалыматтарды сурап алууга укук берилсин.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө, эл аралык кызматташтык бөлүмүнө, билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
|
| Тиркеме |
2020-жылы Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясында жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасында кайчылаш жылына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын финансы-экономикалык блок, инвестициялар, Евразия экономикалык бирлигинин маселелерин тейлеген вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;