Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2009-жылдын 15-июлу № 374
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында документтер менен иштөөнү уюштурууну жана башкаруу ишин документтик камсыздоону өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 8-ноябрындагы № 590 буйругуна өзгөртүүлөр ушул буйруктун тиркемесине ылайык киргизилсин.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 8-ноябрындагы № 590 буйругуна киргизилүүчү ӨЗГӨРТҮҮЛӨР
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 8-ноябрындагы № 590 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында документтер менен иштөөнүн регламентинде:
- 5 жана 6-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Өзгөчө кырдаалды, аскердик абалды киргизүү, табигый кырсыктар же катаклизмдер болгон учурлардан тышкары, бюджеттен кошумча каражат бөлүү, анын ичинде республикалык бюджетте каржылоо каралбаган иш-чараларды өткөрүү жөнүндө өтүнгөн каттар Өкмөт тарабынан каралбайт, ушул пункттун талаптарын бузуу менен киргизилген документтер Өкмөттүн Аппаратынын тиешелүү түзүмдүк бөлүнүшү менен макулдашуу боюнча регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү (мындан ары - регламент бөлүмү) тарабынан артка жиберилүүгө тийиш.
6. Мамлекеттик органдардын ведомстволук, аймактык жана түзүмдүк бөлүмдөрү, алардын карамагында турган мекемелер жана уюмдар Өкмөттүн жана Өкмөттүн Аппаратынын дарегине жогору турган мамлекеттик орган аркылуу, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынан тышкары) - Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү аркылуу кайрылат. Ушул пункттун талаптарын бузуу менен киргизилген документтер регламент бөлүмү тарабынан кароосуз артка жиберилүүгө тийиш.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 6-1-пункт менен толукталсын:
"6-1. Аткаруу бийлигинин органдарынын компетенциясына кирген жана Өкмөттүн Аппаратынын компетенциясына кирбеген маселелер боюнча министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын кайрылуулары каралбайт жана регламент бөлүмү тарабынан маселелерди маңызы боюнча кароо үчүн аткаруу бийлигинин органдарына алардын иш чөйрөлөрүнө жана компетенциясына ылайык кайра жиберилет.
Кайрылууну кайра жиберүү регламент бөлүмү тарабынан Өкмөттүн Аппаратынын тиешелүү түзүмдүк бөлүнүшү менен макулдашуу боюнча жүргүзүлөт.
Зарылдыгына жараша арыз ээсине берилген жооптун көчүрмөсүн тиркөө менен кароонун жыйынтыгы тууралуу Өкмөттүн Аппаратын маалымдоо жөнүндө аткаруу бийлигинин органдарына тапшырма берилет.";
- 7-пунктундагы "Өкмөттүн Аппаратынын уюштуруу иштери жана аймактык башкаруу бөлүмүнүн каттар жана жарандардын кайрылуулары сектору (мындан ары - каттар жана жарандардын кайрылуулары сектору)" деген сөздөр "чечимдерди аткарууну контролдоо бөлүмү (мындан ары - контролдоо бөлүмү)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 11-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11. Өкмөттүн Аппаратына келип түшкөн чечимдердин долбоорлору жана корреспонденция регламент бөлүмүнүн иш кагаздарын жүргүзүү жана чечимдерди чыгаруу секторунда (мындан ары - иш кагаздарын жүргүзүү сектору) белгиленген тартипте катталат жана бир күндүк мөөнөттө төмөнкүлөргө өткөрүп берилет:
- актылардын долбоорлору - регламент бөлүмүнүн регламент жана Өкмөттүн жыйындарын уюштуруучулук камсыздоо секторуна (мындан ары - регламент сектору);
- корреспонденция, анын ичинде Өкмөттүн жыйынына материалдар, коомдук талкуулоо максатында Өкмөттүн расмий сайтына жайгаштыруу үчүн киргизилген актылардын долбоорлору - тийиштүү түзүмдүк бөлүнүштөргө.
Электрондук почта менен келип түшкөн Евразия экономикалык бирлигинин жана Евразия экономикалык комиссиясынын маселелерине тиешелүү корреспонденция документтин түп нускасы берилген шартта катталууга тийиш.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 11-1-пункт менен толукталсын:
"11-1. Эки жана андан көп түзүмдүк бөлүнүштүн компетенциясына кирген документтер боюнча иш кагаздарын жүргүзүү сектору тарабынан негизги түзүмдүк бөлүнүш аныкталат. Документтин түп нускасы негизги түзүмдүк бөлүнүшкө, көчүрмөлөрү - бирге аткарган түзүмдүк бөлүнүштөргө жиберилет.
Негизги түзүмдүк бөлүнүш болуп документте маселелердин саны көбүрөөк болгон бөлүнүш эсептелет, эгерде маселелердин саны бирдей болуп калса, ошол документте маселеси биринчи көрсөтүлгөн түзүмдүк бөлүнүш негизги болуп саналат.
Негизги түзүмдүк бөлүнүш тең аткаруучу түзүмдүк бөлүнүштөр менен бирдикте документ катталган күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө бардык көрсөтүлгөн маселелер боюнча тиешелүү министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, административдик ведомстволорго, башка юридикалык жактарга (макулдашуу боюнча) бирдиктүү резолюциянын долбоорун даярдайт. Резолюциянын долбооруна бардык кызыкдар түзүмдүк бөлүнүштөр тарабынан виза коюлат же макулдашылат.
Резолюцияда аткарылган иштер жөнүндө Өкмөттүн Аппаратын маалымдоо менен жооптуу мамлекеттик орган (уюм) тарабынан жиберүү каралышы мүмкүн. Бул учурда аткарылган иштер жөнүндө маалымат негизги түзүмдүк бөлүнүшкө берилет.
Ошондой эле резолюцияда жоопторду негизги түзүмдүк бөлүнүш аркылуу эмес, тармактык бөлүмдөр тарабынан тейлөөчү маселелер боюнча өз алдынча жиберүү каралышы мүмкүн.
Жооптор алынгандан кийин негизги түзүмдүк бөлүнүш тең аткаруучу түзүмдүк бөлүнүштөр менен бирдикте жооптун долбоорун даярдоону камсыздайт.";
- 12-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12. Жооптуу түзүмдүк бөлүнүштүн аткаруучусу үч жумуш күндүн ичинде (эгерде долбоордун көлөмү 30 барактан ашса - 5 жумуш күн) коомдук талкуулоо, анын ичинде долбоордун жоболорунун тармактык мыйзамдарга, мамилелердин тиешелүү чөйрөсүндөгү ишке ашырылуучу же иштелип чыгуучу мамлекеттик саясатка, ошондой эле кабыл алынган программаларга шайкештигин текшерүү максатында Өкмөттүн расмий сайтына жайгаштыруу үчүн киргизилүүчү чечимдин долбоорунун текстин иштеп чыгат.
Эгерде актынын долбоору "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин талаптарына, тармактык мыйзамдарга, мамилелердин тиешелүү чөйрөсүндөгү ишке ашырылуучу же иштелип чыгуучу мамлекеттик саясатка, ошондой эле кабыл алынган программаларга шайкеш келсе, анда актынын долбоору Аппарат жетекчисинин орун басарынын тапшырмасынын негизинде Өкмөттүн расмий сайтына жайгаштыруу үчүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнө жиберилет. Башка учурда актынын долбоору иштеп чыгуучу мамлекеттик органга жооптуу түзүмдүк бөлүнүштүн жетекчисинин же болбосо Аппарат жетекчисинин орун басарынын колу менен артка кайтарылат.";
- 13-пунктундагы "жана контролдоо" деген сөздөр алып салынсын;
- 14-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14. Өкмөттүн жетекчилигинин жана Аппарат жетекчисинин кароосуна (кол коюусуна) кат-кабарларды жана актылардын долбоорлорун өткөрүп берүү түзүмдүк бөлүнүш тарабынан регламент бөлүмү аркылуу жумуш күндөрү күнүнө эки жолу (саат 9.00дөн 11.00гө чейин жана 14.00дөн 16.00гө чейин) берилет.
Документте камтылган маселелердин маанилүүлүгүн жана аларды кароонун шашылыштыгын эске алуу менен алар түзүмдүк бөлүнүштөр тарабынан өз алдынча Өкмөттүн жетекчилигинин жана Аппарат жетекчисинин жардамчылары (кеңешчилери) аркылуу берилет.";
- 18-пунктунда:
биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"18. Жооптуу түзүмдүк бөлүнүштүн кызматкери (мындан ары - аткаруучу) милдеттүү түрдө басып чыгарылган чечимдин, анын тиркемелеринин текстин иштеп чыгат, анын ичинде чечимдин долбоорунун жоболорунун тармактык мыйзамдарга мамилелердин тиешелүү чөйрөсүндөгү ишке ашырылуучу же иштелип чыгуучу мамлекеттик саясатка, ошондой эле кабыл алынган программаларга шайкештигин текшерет. Эгерде ушул талаптарга шайкеш келбеген учурда актынын долбоору иштеп чыгуучу мамлекеттик органга жооптуу түзүмдүк бөлүнүштүн жетекчисинин же Аппарат жетекчисинин орун басарынын колу менен артка кайтарылат.";
төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"Иштеп чыгуучу мамлекеттик орган долбоор сапатсыз иштелип чыккандыгына байланыштуу долбоорду кайра сурап алган учурда жооптуу түзүмдүк бөлүнүш иштеп чыгуучу мамлекеттик органдын жетекчисине тартиптик жоопкерчилик чараларын көрүү жөнүндө сунуштарды Премьер-министрдин, тейлөөчү вице-премьер-министрдин же Аппарат жетекчисинин кароосуна киргизүүгө укуктуу.";
- 21-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"21. Чечимдин долбоорун жооптуу түзүмдүк бөлүнүштүн аткаруучусу жана жетекчиси карайт, виза коёт жана Аппарат жетекчиси бекиткен форма боюнча кийинки тартипте төмөнкүлөр менен макулдашат:
- кызыкдар түзүмдүк бөлүнүштөр;
- Евразия экономикалык бирлигинин иштери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атайын өкүлүнүн катчылыгы - Евразия экономикалык бирлигинин ишине тиешелүү маселелер боюнча;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгы - чектеш мамлекеттердин ортосундагы чек аралык, суу, жер жана мүлктүк мамилелерди жөнгө салуу менен байланышкан маселелер боюнча;
- укуктук экспертиза бөлүмү;
- Аппарат жетекчисинин орун басарлары, анын ичинде Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары менен милдеттерин бөлүштүрүүгө жараша;
- Аппарат жетекчиси;
- вице-премьер-министрлер, анын ичинде биринчи вице-премьер-министр менен милдеттерин бөлүштүрүүгө жараша.
Андан кийин чечимдин долбоору Премьер-министрге кол коюуга киргизилет.";
- 25-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"25. Актылардын долбоорлорун Аппарат жетекчисинин жана Өкмөттүн жетекчилигинин кол коюусуна киргизүүдө түзүмдүк бөлүнүштөрдүн жетекчилери кол коюуга жиберилүүчү документтердин пакетине түзүмдүк бөлүнүштүн жетекчиси жана жооптуу түзүмдүк бөлүнүштүн кызматкери кол койгон, толтурулган жиберүү барагынын, ошондой эле аткаруучу кол койгон документтердин бар экендиги жөнүндө маалымкаттын тиркелишин камсыз кылат. Тиешелүү маалымкат актынын долбооруна карата бардык жумушчу материалдарды (кара жазма материалдар, кат жазышуулар, тапшырмалар ж.б.) баяндоо менен толтурулат.
Актынын долбооруна кол коюлгандыгы тууралуу иш кагаздарын жүргүзүү сектору аткаруучуга кабарлайт.
Премьер-министр тарабынан кол коюлган актыны каттоо жана аны тираждоо зарыл болгон бардык материалдар (кирген жана чыккан документтердин, Өкмөттүн жана Өкмөттүн Аппаратынын жетекчилигинин тапшырмаларынын түп нускалары, кат жазышуулар, кара жазма материалдар ж.б.) болгон учурда гана жүргүзүлөт. Мында факс боюнча алынган документтердин көчүрмөлөрү иш кагаздарын жүргүзүү секторуна ксерокөчүрмө түрүндө берилет.
Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүнүшүнүн аткаруучусу, актынын мазмуну купуя мүнөзгө ээ болгон учурлардан тышкары, акты чыгарылгандан кийин 5 жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө анын электрондук версиясын төмөнкүлөргө жиберет:
- маалыматтык камсыздоо бөлүмүнө - актыны расмий жарыялоо үчүн;
- иш кагаздарын жүргүзүү секторуна - аны андан ары (Өкмөттүн токтомун) 5 жумуш күнгө чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберүү үчүн.
Өкмөттүн буйруктары, Премьер-министрдин буйруктары зарылдыгына жараша маалыматтык камсыздоо бөлүмүнө Өкмөттүн расмий сайтына жана башка жалпыга маалымдоо каражаттарына жайгаштыруу үчүн жиберилет.
Өз убагында жиберүү жана электрондук версиянын кагаздагы вариантына шайкештиги үчүн аткаруучу жоопкерчилик тартат.";
26-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Өкмөттүн жыйынында кароого тийиш болгон маселелерди алып салуу жооптуу түзүмдүк бөлүнүштүн тейлөөчү вице-премьер-министр менен макулдашылган кызматтык катынын негизинде Премьер-министр тарабынан жүргүзүлөт.";
- 30-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"30. Түзүмдүк бөлүнүштүн түздөн-түз аткаруучусу документтерди сурап алуу, иштеп чыгуучу мамлекеттик орган аткарып жаткан иш-чараларды текшерүү, иштеп чыгуучу мамлекеттик органга, башка мамлекеттик органдар менен мекемелерге баруу, ошондой эле башка иш-чаралар аркылуу иштеп чыгуучу мамлекеттик орган тарабынан Өкмөттүн жыйынына материалдардын даярдалышын контролдойт.";
- 33-пунктунда:
экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Евразия экономикалык бирлигинин иштери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атайын өкүлүнүн катчылыгы - Евразия экономикалык бирлигинин ишине тиешелүү маселелер боюнча;";
төртүнчү абзацы "Аппарат жетекчисинин орун басарлары" деген сөздөрдөн кийин ", анын ичинде Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары" деген сөздөр менен толукталсын;
бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 34-пунктунун "а" пунктчасындагы он биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- мыйзам актыларына жана башка чечимдерге өзгөртүүлөрдү киргизүүдө - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-майындагы № 313 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мыйзам алдындагы актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча нускаманын талаптарына шайкеш келген колдонуудагы жана сунушталган редакциядагы салыштырма таблица;";
- 44-пунктунда:
биринчи жана экинчи абзацтарындагы "коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча" деген сөздөр "маалыматтык камсыздоо" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын таасирине туш болгон жыйындардын видео жана аудиожазмасы жашыруун режимин сактоо менен сакталат.";
- 46-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"46. Премьер-министрдин же Премьер-министр менен макулдашуу боюнча Өкмөт мүчөлөрүнүн демилгеси боюнча Өкмөттүн кезексиз жыйындары чакырылышы же Өкмөттүн кезектеги жыйынынын күн тартибине кошумча (пландан тышкаркы) маселелер киргизилиши мүмкүн.
Өкмөттүн кезексиз жыйынын чакыруу же Өкмөттүн кезектеги жыйынынын күн тартибине кошумча (пландан тышкаркы) маселени киргизүү жөнүндө чечим жыйын өткөрүлө турган датага чейин 5 календарлык күндөн кем эмес мөөнөттө кабыл алынган учурда маселени даярдоо үчүн жооптуу мамлекеттик орган Өкмөттүн Регламентинин 33-пунктунда каралган документтерди Өкмөттүн Аппаратынын тейлөөчү түзүмдүк бөлүнүшүнө 3 календарлык күндөн кем эмес мөөнөттө киргизет.
Чечимдин долбоору Юстиция министрлиги, Финансы министрлиги, Экономика министрлиги жана тышкы саясат жана эл аралык коомдук укук бөлүгүндө мамлекеттер аралык кызматташуу маселелери боюнча Тышкы иштер министрлиги менен макулдашуу боюнча Өкмөттүн Аппаратынын кароосуна киргизилет.
Протоколдук чечимдин долбоору Өкмөттүн Аппаратынын кароосуна мамлекеттик органдар менен макулдашпастан киргизилиши мүмкүн.
Өкмөттүн Аппараты Өкмөттүн кезексиз жыйынынын күн тартибинин долбоорун жана жыйындын катышуучулары үчүн материалдарды түзүп, жыйын өткөрүлө турган датага чейин 1 календарлык күндөн кем эмес мөөнөттө аларды жыйындын катышуучуларына жиберет.
Өкмөттүн киргизилүүчү чечиминин долбоорунун (мамлекеттик жана расмий тилдерде) сапаты жана мазмуну үчүн жоопкерчилик тиешелүү мамлекеттик органдын жетекчисине жүктөлөт.
Кезексиз жыйынды өткөрүү, чечим кабыл алуу жана протокол түзүү кезектеги жыйындар үчүн аныкталган тартипте жүргүзүлөт.";
- 46-1 - 46-11-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;
- 48-пунктунун алтынчы абзацындагы "жана/же толуктоолорду", "(же жаңы редакцияда)" деген сөздөр алып салынсын;
- 49 жана 50-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"49. Тейлөөчү вице-премьер-министрдин же Премьер-министрдин атына иштеп чыгуучу мамлекеттик орган менен мамлекеттик органдардын ортосунда консенсуска келишпеген учурда Өкмөттүн чечиминин долбоорун демилгелөөнү колдоо өтүнүчү менен иштеп чыгуучу мамлекеттик органдын кайрылуусу келип түшкөн учурда жооптуу түзүмдүк бөлүнүш келип түшкөн материалдарды изилдейт жана актынын долбооруна карата берилген кайчы пикирлер боюнча өзүнүн позициясын аныктайт, иштеп чыгуучу мамлекеттик органдын жана актынын долбоору боюнча чечилбеген сын пикирлери бар мамлекеттик органдардын жетекчилерин чакыруу менен тейлөөчү вице-премьер-министрдин же Премьер-министрдин төрагалыгы астында кеңешме өткөрүүнү демилгелейт.
50. Тейлөөчү вице-премьер-министрде же Премьер-министрде кайчы пикирлерди кароонун жүрүшүндө төмөнкүдөй чечим кабыл алынышы мүмкүн:
- иштеп чыгуучу мамлекеттик орган киргизген редакцияда чечимдин долбоорун Өкмөтгүн Аппаратында андан ары илгерилетүү жөнүндө;
- мамлекеттик органдын сын пикирлерин эске алуу менен чечимдин долбоорун иштеп чыгуучу мамлекеттик орган тарабынан толуктап иштеп чыгуу жөнүндө;
- чечимдин долбоорун иштеп чыгуучу мамлекеттик органга кайтарып берүү жөнүндө.";
- 51 жана 52-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;
- 53 жана 54-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"53. Кызыкдар түзүмдүк бөлүнүштөрдүн корутундуларында, укуктук экспертиза бөлүмүнүн корутундусунда камтылган сын пикирлер жана сунуштар орун алган учурда жооптуу түзүмдүк бөлүнүш аталган сын пикирлерди жана сунуштарды талкуулоону жана иштеп чыгууну камсыз кылат.
54. Сын пикирлер жана сунуштар эске алынбаган учурда жооптуу түзүмдүк бөлүнүш тарабынан өз ара алгылыктуу чечимге келүү максатында Аппарат жетекчисинде, анын орун басарларында же тейлөөчү вице-премьер-министрде кеңешме өткөрүү демилгелениши мүмкүн же болбосо чечимдин долбоорун иштеп чыгуучу мамлекеттик органга кайтарып берүү жөнүндө тапшырма (кат) даярдалышы ыктымал.
Актынын долбоорун кайтарып берүү Премьер-министрдин, тейлөөчү вице-премьер-министрдин же Аппарат жетекчисинин колу менен кайтарып берүүнүн себептерин негиздөө менен жүргүзүлүшү мүмкүн.
Премьер-министрдин чечими боюнча актынын долбоору ар кандай негиздер боюнча кайтарып берилиши мүмкүн.";
- 56-пунктунда:
экинчи-алтынчы абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- буйруктун долбоору - 15 жумуш күндөн ашык эмес;
- токтомдун долбоору - 20 жумуш күндөн ашык эмес;
- мыйзамдын долбоору - 25 жумуш күндөн ашык эмес;
- башка долбоорлор - 15 жумуш күндөн ашык эмес.
Көрсөтүлгөн мөөнөттөрдү узартууга Премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин, Аппарат жетекчисинин, Аппарат жетекчисинин орун басарларынын чечими боюнча гана жол берилет. Мөөнөттөрдү узартууга жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттөрдөн ашпаган мезгилге бир жолу жол берилет. Актынын долбоору татаал, өзгөчө, көлөмү чоң (20 барактан ашык) болгон учурда мөөнөтүн узартууга жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттөрдөн ашпаган мезгилге 3 жолу узартууга жол берилет.";
- 57-пунктундагы "иш кагаздарын жүргүзүү жана контролдоо секторунда" деген сөздөр "контролдоо бөлүмүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 60-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"60. Ыкчам тартипте кабыл апуу үчүн киргизилген көлөмү 25 барактан кем болгон актылардын долбоорлоруна экспертиза жүргүзүүнүн мөөнөттөрү котормо жана редакциялоо секторунан тышкары төмөнкүлөрдү түзөт: укуктук экспертиза бөлүмүндө - 3 жумуш күнгө чейин, калган түзүмдүк бөлүнүштөрдө - 2 жумуш күнгө чейин.
Ыкчам тартипте кабыл алуу үчүн киргизилген көлөмү 25 барактан ашкан актылардын долбоорлоруна экспертиза жүргүзүү мөөнөттөрү төмөнкүдөй: котормо жана редакциялоо секторунан тышкары, укуктук экспертиза бөлүмүндө - 5 жумуш күнгө чейин, калган түзүмдүк бөлүнүштөрдө - 4 жумуш күнгө чейин.
Ыкчам тартипте кабыл алуу үчүн киргизилген көлөмү 100 барактан ашкан актылардын долбоорлоруна экспертиза жүргүзүү мөөнөттөрү укуктук камсыздоо бөлүмүндө - ушул пункттун экинчи абзацында белгиленген мөөнөткө ар бир 100 бетке кошумча 2 жумуш күндү түзөт.";
- 63-пунктундагы "регламент бөлүмү," деген сөздөр алып салынсын;
- 66-пунктундагы "уюштуруу иштери жана аймактык башкаруу" деген сөздөр "кадрдык иштер жана мамлекеттик кызмат" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 69-пунктунда:
биринчи абзацы "Аппарат жетекчисине" деген сөздөрдөн кийин ", бөлүштүрүлгөн милдеттерине жараша Аппарат жетекчисинин орун басарларына, анын ичинен Аппарат жетекчисинин биринчи орун басарына" деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү жана төртүнчү абзацтар менен толукталсын:
"Эгерде резолюциянын долбоорунда башка түзүмдүк бөлүнүштү жооптуу (негизги) аткаруучу деп аныктоочу тапшырма камтылса, анда резолюциянын долбоору аталган түзүмдүк бөлүнүш менен макулдашылууга тийиш.
Премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин, Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин кеңешчилери, жардамчылары тарабынан түзүмдүк бөлүнүштөргө тапшырманы камтыган резолюциянын долбоору даярдалган учурда, бул резолюциянын долбоору аталган түзүмдүк бөлүнүш менен макулдашылууга тийиш.";
- 72 жана 75-пункттарындагы "жана контролдоо" деген сөздөр алып салынсын;
73-пункту төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"- тармактык жана чектеш кодекстердин жана мыйзамдардын ортосунда коллизияларды аныктоо иштерин жүргүзүү боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялоо.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 74-1-пункт менен толукталсын:
"74-1. Кодекстердин жана мыйзамдардын аткарылышы, ошондой эле болгон коллизиялар жөнүндө маалыматтар жалпыланат жана Аппарат жетекчиси тарабынан бекитилген форма боюнча берилет.
Жыйынды маалымат түзүмдүк бөлүнүштөр тарабынан жарым жылда бир жолу тейлөөчү вице-премьер-министрлерге жана Аппарат жетекчисине маалымат үчүн берилет.";
- 77-пунктунда:
биринчи абзацындагы ", ошондой эле Президенттин Аппараты белгилеген мөөнөттөрдү эске алуу менен" деген сөздөр алып салынсын;
үчүнчү абзацындагы ", ал жокто - Аппарат жетекчисинин бөлүштүрүлгөн милдеттерине жараша орун басарынын" деген сөздөр "же бөлүштүрүлгөн милдеттерине жараша анын орун басарларынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 78 жана 79-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"78. Өкмөткө келип түшкөн Жогорку Кеңештин комитеттеринин, депутаттык фракцияларынын токтомдору, чечимдери, Жогорку Кеңештин комитеттеринин, депутаттык фракцияларынын жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын суроо-талаптары иш кагаздарын жүргүзүү сектору тарабынан тиешелүү түзүмдүк бөлүнүштөргө, аталган документтердин көчүрмөлөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги өкүлчүлүгүнө (мындан ары - Өкүлчүлүк) жиберилет.
Эки же андан ашык министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун компетенциясына таандык болгон жогоруда аталган документтер иш кагаздарын жүргүзүү сектору тарабынан тиешелүү түзүмдүк бөлүнүштөргө жиберилет. Ошол документте маселелердин саны көбүрөөк болгон бөлүнүш негизги түзүмдүк бөлүнүш болуп эсептелет. Эгер маселелердин саны бирдей болсо, анда ошол документте өзүнүн маселеси биринчи болуп көрсөтүлгөн түзүмдүк бөлүнүш жалпылайт.
Негизги түзүмдүк бөлүнүш кызыкдар түзүмдүк бөлүнүштөр менен бирдикте документ катталган күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө бардык көрсөтүлгөн маселелер боюнча тиешелүү министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге жана административдик ведомстволорго резолюциянын бир долбоорун даярдайт. Резолюциянын долбооруна бардык кызыкдар түзүмдүк бөлүнүштөр тарабынан виза коюлат же макулдашылат. Резолюциянын көчүрмөсү Өкүлчүлүккө жиберилет.
Жогорку Кеңештин токтомдоруна, комитеттеринин жана фракцияларынын чечимдерине, Жогорку Кеңештин протоколдук тапшырмаларына резолюциялардын долбоорлору тиешелүү түзүмдүк бөлүнүш тарабынан тейлөөчү вице-премьер-министрдин, Аппарат жетекчисинин же Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнүн (мындан ары - туруктуу өкүл), ал эми алар жок учурда - Аппарат жетекчисинин орун басарынын колу менен даярдалат.
Өкмөттүн корутундусун алуу үчүн Өкмөттүн Аппаратына келип түшкөн Жогорку Кеңештин депутаттары демилгелеген мыйзамдардын долбоорлоруна, комитеттердин, фракциялардын жана депутаттардын суроо-талаптарына резолюциялардын долбоорлору тиешелүү түзүмдүк бөлүнүш тарабынан Аппарат жетекчисинин, туруктуу өкүлдүн, ал эми алар жок учурда - Аппарат жетекчисинин орун басарынын колу менен даярдалат.
Жогорку Кеңештин токтомдоруна, комитеттеринин жана фракцияларынын чечимдерине жооптор Өкмөттүн Аппараты аркылуу гана берилиши мүмкүн.
Жогорку Кеңештин фракцияларынын, комитеттеринин, комиссияларынын жана депутаттарынын суроо-талаптарына жооптор Өкмөттүн Аппараты аркылуу же кароонун жыйынтыгы жөнүндө андан ары Өкмөттүн Аппаратын маалымдоо менен тиешелүү мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан берилиши мүмкүн.
79. Мамлекеттик органдан жооп алгандан кийин негизги түзүмдүк бөлүнүш тең аткаруучу түзүмдүк бөлүнүштөр менен бирдикте жооптун долбоорун даярдоону камсыздайт. Жооптун акыркы варианты туруктуу өкүл менен макулдашылат жана тейлөөчү вице-премьер-министрлердин, ал эми алар жок учурда - Аппарат жетекчисинин, туруктуу өкүлдүн же милдеттерди бөлүштүрүүгө ылайык Аппарат жетекчисинин орун басарынын кол коюусуна киргизилет. Жооптун көчүрмөсү Өкүлчүлүккө жиберилет.
Жогорку Кеңешке жооптор төмөнкүлөр боюнча жиберилет:
Жогорку Кеңештин токтомдоруна, Жогорку Кеңештин комитеттеринин жана фракцияларынын чечимдерине - тейлеген вице-премьер-министрдин колу менен;
Жогорку Кеңештин фракцияларынын, комитеттеринин, комиссияларынын жана депутаттарынын жазуу жүзүндөгү суроо-талаптарына - тейлеген вице-премьер-министрлердин, ал эми алар жок учурда Аппарат жетекчисинин, туруктуу өкүлдүн же Аппарат жетекчисинин орун басарларынын колу менен; жетекчиликтин тапшырмасы боюнча - мамлекеттик органдын жетекчисинин колу менен;
Жогорку Кеңештин комитеттеринин, фракцияларынын жана депутаттарынын мамлекеттик чек араны делимитациялоого жана демаркациялоого байланышкан маселелер, ошондой эле чек арадагы мамилелерди жөнгө салуу боюнча жазуу жүзүндөгү суроо-талаптарына - Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн колу менен жиберилиши мүмкүн;
Жогорку Кеңештин пленардык жыйындарынын "Ар кандай" бөлүгүндө айтылган Жогорку Кеңештин депутаттарынын суроо-талаптарына - Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнүн колу менен;
Премьер-министрдин, биринчи вице-премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин катышуусу менен Жогорку Кеңештин комитеттеринин, фракцияларынын жыйындарынын жана пленардык жыйындарынын жүрүшүндө, Премьер-министр Өкмөттүн иши жөнүндө ар жылдык отчетун берүүдө жана республикалык бюджетти талкуулоодо айтылган маселелер боюнча - тейлеген вице-премьер-министрлердин колу менен.";
- 83-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"83. Премьер-министрдин Өкмөттүн иши жөнүндө ар жылдык отчету, республикалык бюджетти талкуулоо боюнча Жогорку Кеңештин жыйындарынын стенограммалары Өкүлчүлүк тарабынан иштелип чыгат (маселенин авторун, кыскача мазмунун жана жооптуу түзүмдүк бөлүнүштөрдү көрсөтүү менен) жана андан ары аткаруу үчүн тапшырма менен түзүмдүк бөлүнүштөргө жиберилет.
Зарыл болгон учурда депутаттардын маселелери тиешелүү түзүмдүк бөлүнүштөр тарабынан кароо жана маалымат берүү үчүн алар тейлеген мамлекеттик органдарга жиберилет.
Премьер-министрдин отчетун талкуулоодо Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан айтылган маселелер боюнча маалыматтар тейлеген вице-премьер-министрлердин колу менен Жогорку Кеңешке жиберилет. Мында мамлекеттик органдардан түшкөн маалыматтарды жалпылоо блоктор боюнча ишке ашырылат жана компетенциясына маселелердин көбүрөөк саны тиешелүү болгон бөлүмгө жүктөлөт.
Тиешелүү жылга республикалык бюджеттин долбоорун кароодо Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан айтылган маселелер боюнча жалпылоочу маалыматты финансы жана кредит саясаты бөлүмү даярдайт жана тейлеген вице-премьер-министрлердин колу менен Жогорку Кеңешке жиберет.
Жогорку Кеңеште маселелер вице-премьер-министрлердин катышуусу менен каралганда жыйындардын стенограммалары зарыл болгон учурда тейлеген вице-премьер-министрлер тарабынан андан ары иштөө үчүн тиешелүү түзүмдүк бөлүнүштөргө жиберилет.
Жогорку Кеңештин пленардык жыйынынын "Ар кандай" бөлүгүндөгү Жогорку Кеңештин депутаттарынын суроо-талаптарын камтыган стенограммасы туруктуу өкүл тарабынан (тапшырма менен) мамлекеттик органдарга жиберилет, айрым учурларда Өкмөттүн жетекчилиги тарабынан жиберилет.";
- 87-пункту төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү жана бешинчи абзацтар менен толукталсын:
"87. Калган учурларда Өкмөттүн расмий корутундусу кат жүзүндө таризделет, анын долбоору укуктук экспертиза бөлүмү менен макулдашылууга тийиш.
Кат жүзүндө таризделген Өкмөттүн расмий корутундусунун көчүрмөсү маалымат үчүн - укуктук экспертиза бөлүмүнө, иште пайдалануу үчүн Өкүлчүлүккө жиберилет.";
- 89-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"89. Түзүмдүк бөлүнүштөр тарабынан Премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин атына даярдалуучу документтер (тапшырма, кызматтык кат, маалымат, отчет ж.б.) ушул Регламенттин 14-пунктунда белгиленген тартипте берилет.";
- 90 жана 91-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;
- 96-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Мында Премьер-министрдин катышуусу менен протоколдорду тариздөө кеңешме өткөрүлгөн датадан тартып 2 жумуш күнгө чейинки мөөнөттө, башка протоколдор 3 жумуш күндөн кечиктирилбей ишке ашырылат.";
- 15-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15. Чечимдердин (тапшырмалардын) аткарылышын контролдоону уюштуруу боюнча негизги жоболор";
- 99-104-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"99. Чечимдердин (тапшырмалардын) аткарылышын контролдоо кабыл алынган ченемдик укуктук актылардын жана тапшырмалардын өз убагында аткарылышын, аларда камтылган маселелерди сапаттуу чечүүнү камсыздоого, алардын аткаруу бийлигинин органдары, Өкмөттүн карамагындагы мекемелер жана уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары (өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча) тарабынан милдеттүү аткарылышына тоскоол болгон себептерди аныктоого жана аларды четтетүүгө багытталган иш-чаралардын жыйындысын билдирет.
Контролго милдеттүү коюлууга жана тиешелүү эсепке алууну жүргүзүү үчүн электрондук маалыматтар базасына киргизилүүгө тийиш документтер (мындан ары - контролдогу документтер):
1) мыйзамдар, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары, буйруктары жана тапшырмалары, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдында түзүлгөн кеңешме жана координациялык органдардын жыйындарынын протоколдорунун жана чечимдеринин, Президенттин Аппаратынын Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын ишке ашырууга тиешелүү маселелер боюнча жазуу жүзүндөгү кайрылуулары жана суроо-талаптары;
2) Жогорку Кеңештин токтомдору, Жогорку Кеңештин комитеттеринин, депутаттык фракцияларынын чечимдери, депутаттык фракцияларынын жана депутаттарынын суроо-талаптары;
3) Өкмөттүн токтомдору жана буйруктары, Премьер-министрдин буйруктары;
4) Премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин - ченемдик укуктук актыларды, Өкмөттүн алдында түзүлгөн кеңешме жана координациялык органдардын жыйындарынын протоколдорун аткаруу боюнча тапшырмалары;
5) Өкмөттүн жыйындарынын протоколдору, Премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин катышуусу менен өткөрүлүүчү координациялык органдардын жана ведомстволор аралык комиссиялардын жыйындарынын протоколдору;
6) Премьер-министрдин катышуусу менен республиканын аймагында өткөрүлүүчү көчмө иш-чаралардын протоколдору, Премьер-министрдин региондорго иш сапарынын жыйынтыктары боюнча иш-чаралардын пландары;
7) түзүмдүк бөлүнүштөрдүн жана аткаруу бийлигинин органдарынын демилгеси боюнча Премьер-министрде, вице-премьер-министрлерде өткөрүлүүчү кеңешмелердин протоколдору;
8) ар жумалык аппараттык кеңешмелердин жана Премьер-министрдин жумушчу жолугушууларынын протоколдору;
9) Премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин башка тапшырмалары;
10) Аппарат жетекчисинин буйруктары жана тапшырмалары, Аппарат жетекчисинин орун басарларынын тапшырмалары.
100. Контролдогу документтер аларда же жетекчинин резолюциясында көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө аткарылууга тийиш.
Контролдогу документтер төмөнкү мөөнөттөрдө аткарылууга тийиш:
- конкреттүү аткаруу датасы менен - көрсөтүлгөн мөөнөттө;
- эгерде ал колдонулуудагы мыйзамдарда каралса - башка мөөнөттө;
- депутаттык суроо-талаптар - катталган күндөн тартып бир айлык мөөнөттө;
- ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга байланышкан тапшырмалар - эки айлык мөөнөттө;
- текстте же жетекчинин резолюциясында "өтө шашылыш" жана "шашылыш" деген белгини камтыгандар - тиешелүү түрдө эки жана үч жумуш күндүн ичинде;
- аткаруунун конкреттүү датасын көрсөтпөстөн - сегиз жумуш күндүн ичинде.
Эгерде Өкмөттүн, Премьер-министрдин жана Аппарат жетекчисинин актыларында тапшырманы аткаруу мөөнөтү көрсөтүлбөсө, ал эки айлык мөөнөттө аткарылууга тийиш.
Контролдогу документтерди аткаруу мөөнөттөрү Өкмөттүн Аппаратында катталган күндөн тартып "өтө шашылыш" жана "шашылыш" деген белгилери бар документтерден тышкары, жумуш күндөрү жана айлар менен эсептелет, аларды аткаруунун башталышы аткаруучуга тапшырма келип түшкөн дата саналат.
Дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрү контролдогу документтерди аткаруу мөөнөтүндөгү мезгилге киргизилбейт.
Ай менен эсептелүүчү мөөнөт ошол мөөнөттүн акыркы айынын тиешелүү күнүндө бүтөт. Эгерде ай менен эсептелүүчү мөөнөттүн бүтүшү тиешелүү датасы көрсөтүлбөгөн айга туура келсе, анда мөөнөт ушул айдын акыркы күнүндө аяктайт. Эгерде мөөнөттүн бүтүшү дем алыш күнгө туура келсе, анда контролдогу документти аткаруу мөөнөтүнүн аякташы кийинки жумуш күнү болуп эсептелет.
Эгерде документте аткаруу мөөнөттөрү ар түрдүү болгон бир нече пункт болсо, же болбосо контролдогу документ боюнча отчеттук документтерди бир нече жылдын же айдын ичинде берүү каралса, аларды аткаруу мөөнөтү эң акыркы тапшырма же акыркы отчеттук документти берген мөөнөт эсептелет.
101. Премьер-министр, вице-премьер-министрлер, Аппарат жетекчиси жана анын орун басарлары:
- аткаруу мөөнөтүн белгилөө жана өзгөртүү жөнүндө, документтерди контролго коюу жана чыгаруу жөнүндө чечимди кабыл алышат;
- контролдогу документтердин аткаруучуларынын (түзүмдүк бөлүнүштүн же аткаруу бийлигинин органдарынын жетекчилеринин) отчетторун, Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн, аткаруу бийлигинин органдарынын контролдогу документтерди аткаруунун абалы, жүрүшү жана жыйынтыктары жөнүндө кызматтык каттарын системалуу түрдө карашат, ошондой эле аларды тиешелүү кеңешмелерде жана жыйындарда угушат, кемчиликтерди жоюу жана келип чыккан кыйынчылыктарды жеңүү боюнча чараларды ыкчам тартипте көрүшөт.
Ушул Регламенттин 99-пунктунун 1-9-пунктчаларында аталган контролдогу документтердин аткарылышынын жүрүшүнө мониторинг жүргүзүү Премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин катчылыктары тарабынан өз компетенцияларына ылайык ишке ашырылат.
Ушул Регламенттин 99-пунктунун 2-пунктчасында аталган контролдогу документтердин аткарылышына мониторинг жана талдоо жүргүзүү Өкүлчүлүк тарабынан ишке ашырылат.
Ушул Регламенттин 99-пунктунун 6-пунктчасында аталган контролдогу документтердин аткарылышына мониторинг жана талдоо жүргүзүү жана иштеп чыгуу уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмү тарабынан ишке ашырылат.
Ушул Регламенттин 99-пунктунун 1-9-пунктчаларында аталган контролдогу документтердин аткарылышын контролдоо жана талдоо, ошондой эле аткаруу бийлигинин органдары тарабынан контролдогу документтердин өз убагында аткарылышын контролдоо Өкмөттүн Аппаратынын тейлеген түзүмдүк бөлүнүштөрү тарабынан ишке ашырылат.
Стратегиялык (программалык) документтердин өз убагында аткарылышын Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүнүшү контролдойт, ага мамлекеттик органдар мезгил-мезгили менен стратегиялык (программалык) документтердин аткарылышы боюнча жыйынды маалыматты берип турушат.
Резонанстык мүнөзгө ээ, аткаруунун узакка созулган мөөнөтү же аралыктык этаптары бар, өзгөчө көңүл бурууну жана милдеттүү түрдө чечүүнү талап кылган контролдогу документтер өзгөчө контролго коюлушу мүмкүн.
Өзгөчө контролдонуучу контролдогу документтер Премьер-министрдин тапшырмасы боюнча Аппарат жетекчиси тарабынан аныкталат.
Документти өзгөчө контролго коюуда контролдоо бөлүмү тарабынан контролдук документке тиешелүү белги коюлат жана аны аткаруу жүктөлгөн түзүмдүк бөлүнүш менен бирдикте көчмө текшерүүлөрдү кошкондо, аткаруунун жүрүшүн туруктуу иликтөө жүргүзүлөт.
102. Премьер-министрдин тапшырмасын камтыган контролдогу документтердин аткаруу мөөнөтү, ошондой эле өзгөчө контролдо турган контролдогу документтер Премьер-министрдин жеке өзү, же болбосо тейлөөчү вице-премьер-министр, ал эми алар жок учурда Премьер-министрдин катчылыгы менен макулдашуу боюнча Аппарат жетекчиси тарабынан узартылат.
Президенттин Аппаратынан, Жогорку Кеңештен келип түшкөн контролдогу документтин аткаруу мөөнөтүн узартуу белгиленген тартипте жазуу жүзүндө кайрылуу жана макулдашуу боюнча аталган органдардын чечиминин негизинде гана мүмкүн болот.
"Өтө шашылыш" жана "шашылыш" деген белгилери бар контролдогу документти аткаруу мөөнөтү узартылбайт.
Конкреттүү аткаруу датасы көрсөтүлбөгөн тапшырмалардын аткаруу мөөнөттөрүн узартуу аткаруучу тарабынан эреже катары сегиз жумуш күн аяктаганга чейин 2 жумуш күн мурун жүргүзүлөт.
Резолюциянын автору менен макулдашуу боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу менен байланышпаган тапшырмаларды аткаруу мөөнөтү бир айга чейин узартылышы мүмкүн.
Аткаруу бийлигинин органына берилген тапшырманы объективдүү себептер боюнча белгиленген мөөнөттө аткаруу мүмкүн болбогон учурда, аткаруу бийлигинин органдарынын жетекчилери тейлеген түзүмдүк бөлүнүшкө узартуунун себебин жана аткарууну пландалган датасын көрсөтүү менен мөөнөтүн узартуу жөнүндө сунушту берет. Мөөнөтүн узартуу жөнүндө сунуш тапшырмага кол коюлган күндөн тартып 8 күндүк мөөнөттөн кечиктирбей берилет.
Контролдогу документти белгиленген мөөнөттө аткаруу мүмкүн эместиги ырасталган жана аны аткарууга жолтоо болуучу тиешелүү жагдайлар болгондо, ушул мөөнөттү узартуу (кийинкиге жылдыруу же өзгөртүү) жөнүндө чечим аны белгилеген, же тейлөөчү вице-премьер-министр тарабынан кабыл алынат, ап эми ал жок болгон учурда чечим вице-премьер-министрдин катчылыгы менен макулдашуу боюнча, тейлеген түзүмдүк бөлүнүштүн позициясын эске алуу менен Аппарат жетекчиси (ал жок учурда анын тейлеген маселелер боюнча орун басары) тарабынан кабыл алынышы мүмкүн.
Контролдогу документтердин аткаруу мөөнөттөрүн объективдүү себептерсиз кайра узартуу (2 жолудан көп) документтердин түздөн-түз аткаруучусуна карата тартиптик жоопкерчилик чараларын керүү жөнүндө маселени ошол эле учурда кароо менен жол берилет.
Эгерде контролдогу документ белгиленген мөөнөттө аткарылбаса, аткаруучу (түзүмдүк бөлүнүштүн же аткаруу бийлигинин органынын жетекчиси) аткаруу үчүн каралган мөөнөт аяктагандан кийин 2 жумуш күндүн ичинде ушул мөөнөттү белгилеген жетекчиге (резолюциянын авторуна) контролдогу документти аткаруунун абалы жана контролдогу документти аткаруу жүктөлгөн жооптуу кызмат адамдарын көрсөтүү менен белгиленген мөөнөттө аны аткарбоонун себептери жөнүндө маалымат берет.
Контролдогу документтерди аткаруу мөөнөттөрүн өзгөртүүнүн бардык учурлары жөнүндө аткаруучу (түзүмдүк бөлүнүш) өз учурунда контролдоо бөлүмүнө маалымдайт.
103. Контролдогу документтерди аткарууну уюштуруу, аларды аткаруу боюнча чараларды көрүү жана аларды аткарууга жолтоо болуучу себептерди четтетүү түзүмдүк бөлүнүштөрдүн жетекчилерине жүктөлөт, ал эми аларды ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө өз учурунда маалымдоо, контролдогу документтерди аткаруу жөнүндө отчеттук документтерде камтылган маалыматты берүү мөөнөттөрү, сапаты жана тууралыгы белгиленген тартипте жеке жоопкерчилик тартуучу түзүмдүк бөлүнүштөрдүн жетекчилеринин орун басарларына жүктөлөт.
Эгерде түзүмдүк бөлүнүштө жетекчинин орун басары жок болсо, анда контролдогу документтердин аткарылышын контролдоо түзүмдүк бөлүнүштүн жетекчисине жүктөлөт.
Түзүмдүк бөлүнүштүн жетекчиси, ошондой эле анын орун басары түзүмдүк бөлүнүштүн функциялык милдеттерине ылайык контролдогу документтерди аткаруу жүктөлгөн кызматкерлери менен катар контролдогу документтерди аткаруунун жүрүшүнүн учурдагы абалы жөнүндө маалыматты дайыма билүүлөрү жана бул үчүн аларга карата тартиптик жоопкерчилик чараларын көрүүгө чейин жеке жоопкерчилик тартуулары тийиш.
Контролдогу документтерде эки жана андан ашык түзүмдүк бөлүнүш көрсөтүлгөн учурда биринчи түзүмдүк бөлүнүш негизги аткаруучу болуп саналат жана ишти координациялоого, башка түзүмдүк бөлүнүштөрдөн - тең аткаруучулардан маалымат сурап алууга укук берилет.
Актыларды аткаруунун мөөнөтү аяктаганда негизги түзүмдүк бөлүнүш Өкмөттүн жана Өкмөттүн Аппаратынын жетекчилигине аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалымдайт, зарыл болгон учурда белгиленген мөөнөттө аткарбаган жана маалымат бербеген түзүмдүк бөлүнүштөр - тең аткаруучулар жана аткаруу бийлигинин органдары жөнүндө же контролдогу документтерде камтылган тапшырмаларды сапатсыз аткарылганы жөнүндө да маалымдайт.
Эгерде негизги түзүмдүк бөлүнүш белгиленген мөөнөттө аткарбаган жана маалымат бербеген түзүмдүк бөлүнүштөр - аткаруучулар жана аткаруу бийлигинин органдары жөнүндө же тапшырмалардын сапатсыз аткарылгандыгы жөнүндө маалыматтарды бербесе, анда контролдогу документтердин аткарылышы үчүн бардык жоопкерчилик ошол түзүмдүк бөлүнүшкө жүктөлөт. Түзүмдүк бөлүнүштөр - тең аткаруучулар документти сапаттуу жана өз учурунда даярдоого бирдей деңгээлде жоопкерчилик тартышат.
Эгерде аткаруу бийлигинин бир нече органына контролдогу документти аткаруу жүктөлсө, анда жетекчинин тапшырмасынын текстинде же резолюцияда биринчи көрсөтүлгөн аткаруу бийлигинин органы негизги аткаруучу болуп эсептелет жана контролдогу документти аткаруу үчүн жоопкерчилик тартат, ал эми документти тең аткаруучулар - аларга тиешелүү бөлүгүндө жоопкерчилик тартышат.
Негизги түзүмдүк бөлүнүштүн жетекчиси жана жетекчисинин орун басары эскертүүчү контролдоо тартибинде зарыл болгон учурда түзүмдүк бөлүнүштөргө - тең аткаруучулар аткаруучуларга жана аткаруу бийлигинин органдарына контролдо тургандыгы жөнүндө эскертүү жиберишет.
Контролдогу документти аткаруунун белгиленген мөөнөтү бузулган учурда аткарууну контролдоо жүктөлгөн түзүмдүк бөлүнүштүн жетекчисинин чечими боюнча зарыл болгон учурда контролдогу документтин аткаруучусу болгон аткаруу бийлигинин органынын жетекчисине контролдогу документти аткаруунун жүрүшү, белгиленген мөөнөттө аткарбоонун себептери жөнүндө маалымат берүү тууралуу тиешелүү суроо-талап жиберилиши мүмкүн.
Зарыл болгон учурда түзүмдүк бөлүнүш тарабынан кызматтык текшерүү жүргүзүү, күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу, аны аткарууга жолтоо болгон себептерди четтетүү жана контролдогу документтердин андан ары аткарылышын уюштуруу үчүн Премьер-министрдин, тейлеген вице-премьер-министрдин же Аппарат жетекчисинин атына кызматтык кат таризделет.
Түзүмдүк бөлүнүштөрдө контролдогу документтерди аткаруунун жүрүшү Өкмөттүн Аппаратынын ишин камсыздоо тобунун кызматкерлери тарабынан өз компетенцияларына ылайык контролдогу документтердин тиешелүү электрондук маалыматтар базасына милдеттүү түрдө киргизилүүгө тийиш.
Түзүмдүк бөлүнүштөр контролдогу документтерди аткаруунун абалы жөнүндө маалыматтарды системага салат жана даярдайт. Контролдогу документтерди аткаруу жөнүндө маалымат түзүмдүк бөлүнүштүн жетекчисинин (ал жок учурда түзүмдүк бөлүнүштүн жетекчисинин орун басарынын) колу коюлуп, кагаз түрүндө контролдоо бөлүмүнө берилет. Мында берилген маалыматтын экинчи нускасы тийиштүү түзүмдүк бөлүнүштө сакталат. Маалыматтын электрондук варианты түзүмдүк бөлүнүштөр тарабынан контролдоо бөлүмүнүн электрондук дарегине жиберилет.
Контролдогу документти аткарбаган же болбосо аларды өз учурунда аткарбаган фактылар боюнча Аппарат жетекчисинин тапшырмасы менен тиешелүү кызматтык текшерүү жүргүзүлөт.
Контролдоо бөлүмү (жума сайын) маалымат берүү мөөнөтү кийинки жумада бүгө турган контролдогу документтер жөнүндө маалыматты түзүмдүк бөлүнүштөргө жана аткаруу бийлигинин органдарына жиберет.
Контролдогу документтерди аткаруунун жүрүшү жана абалы жөнүндө жыйынды маалыматтар контролдоо бөлүмү (жума сайын) тарабынан Өкмөттүн жана Өкмөттүн Аппаратынын жетекчилерине берилет.
104. Контролдогу документтерди контролдон алып салуу төмөнкүдөй отчеттук документтердин негизинде ишке ашырылат:
- ченемдик укуктук актынын;
- иш-чаралар планынын;
- кеңешменин протоколунун;
- жооп каттын;
- контролдогу документти аткаруу жөнүндө кызматтык каттын, маалымкаттын;
- контролдогу документтин аткарылышын ырастоочу башка документтердин.
Документ эгерде ал боюнча чечим кабыл алынып, зарыл болгон маалымат берилсе, жетекчинин (резолюциянын авторунун) колу менен, анын ичинен түзүмдүк бөлүнүштүн жетекчисинин колу менен жиберүүчүгө жооп берилсе же жетекчинин (резолюциянын авторунун) контролдон алып салуу жөнүндө резолюциясы менен түзүмдүк бөлүнүштүн кызматтык катынын, маалымдамасынын негизинде аткарылды деп эсептелет жана контролдон алып салынат.
Документти контролдон алып салуу жөнүндө чечим жетекчи (резолюциянын автору) же болбосо жогору турган кызмат адамы же аны алмаштырган адам тарабынан гана кабыл алынат.
Контролдогу документтерди аткаруу жөнүндө отчеттук документтер иш кагаздарын жүргүзүү боюнча белгиленген талаптарга ылайык таризделет.
Программалык документтер (мамлекеттик жана тармактык) аткаруунун жыйынтыктары жөнүндө түзүмдүк бөлүнүштөрдүн аналитикалык каттарынын негизинде контролдон алып салынат.
Контролдогу документтерди контролдон алып салуу аткаруу бийлигинин органынын демилгеси боюнча ишке ашырылат, мында контролдон алып салуу жөнүндө чечимди жетекчи (резолюциянын автору) контролдогу документти аткаруунун жыйынтыктарын жана тейлеген түзүмдүк бөлүнүштүн жетекчисинин позицияларын эске алуу менен кабыл алат.
Ченемдик укуктук актыны контролдон алып салуу анын колдонулушун токтотпойт.
Жетекчи (резолюциянын автору) контролдогу документти контролдон алып салгандан кийин, аны аткарууну контролдоо жүктөлгөн түзүмдүк бөлүнүш аны (отчеттук документтер менен) контролдогу документтердин электрондук маалыматтар базасына киргизүү жана контролдогу документке тиешелүү белгилерди коюу үчүн контролдоо бөлүмүнө жиберет.
Андан ары контролдон алып салынган документтер (түп нускалар) "делого" деген белги коюлуп бардык баштапкы топтолгон материалдар менен регламент бөлүмүнө өткөрүп берилет.";
-104-1 - 104-2-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;
- 106-пунктунун биринчи абзацындагы, 109, 112, 114 жана 115-пункттарындагы түрдүү жөндөмөдөгү "каттар жана жарандардын кайрылуулары сектору" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "контролдоо бөлүмү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 110-пунктунда:
төртүнчү абзацы "30 календарлык күндөн" деген сөздөн мурда "чечим кабыл алынган учурдан тартып" деген сөздөр менен толукталсын;
алтынчы абзацы "түшүндүрүүлөр берилет" деген сөздөрдөн кийин "жана каралбастан артка кайтарылат" деген сөздөр менен толукталсын;
- 113-пунктунда:

"113. Премьер-министрдин коомдук кабылдамасында жарандарды кабыл алуу жумуш күндөрүндө саат 9-00дөн 17-00гө чейин жүргүзүлөт, зарыл болгон учурда иш тартиби өзгөртүлүшү мүмкүн.";
төртүнчү абзацындагы "Премьер-министрдин буйругу менен бекитилүүчү, Өкмөттүн расмий сайтында жана Премьер-министрдин коомдук кабылдамасынын стендинде жарыяланган графикке" деген сөздөр "Премьер-министрдин буйругу менен бекитилген, Өкмөттүн расмий сайтында жарыяланган жана Премьер-министрдин коомдук кабылдамасынын стендинде жайгаштырылган графикке" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 116-пунктундагы "10 жумуш күндүн ичинде" деген сөздөр алып салынсын;
- 120-пунктундагы "жана контролдоо" деген сөздөр алып салынсын;
- 121-пунктундагы "жана өкмөттүн чечимдерин чыгаруу" деген сөздөр алып салынсын.
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2022-жылдын 29-мартындагы №260 жарлыгынын негизинде № 260
КҮЧҮН ЖОГОТТУ