Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2017-жылдын 22-июну № 446
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 8-ноябрындагы № 590 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында документтер менен иштөөнүн регламентинде:
- 17-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Актынын долбоору Өкмөттүн Регламентинин талаптарына ылайык келген учурда актынын долбоору анын ылайыктуулугу жөнүндө тийиштүү корутунду жана тиркемеде көрсөтүлгөн форма боюнча (№ 1 үлгү) график-матрица менен документти кол коюуга даярдоо үчүн жооптуу тийиштүү түзүмдүк бөлүнүшкө (мындан ары - жооптуу түзүмдүк бөлүнүш) берилет.";
- расмий тилдеги текстинин 44-пунктунун үчүнчү абзацындагы "О государственных секретах" деген сөздөр "О защите государственных секретов" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 98-1-пункт менен толукталсын:
"98-1. Премьер-министрдин, биринчи вице-премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин катышуусундагы кеңешмелердин аудиожазмасы кеңешме өткөрүлгөн күндөн тартып бир айга чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын маалыматташтыруу жана телекоммуникация бөлүмүндө сакталат.
Ушул мөөнөттүн ичинде кеңешмени уюштурган жооптуу түзүмдүк бөлүнүш зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын маалыматташтыруу жана телекоммуникация бөлүмүндөгү жазмаларды эсепке алуу журналына тийиштүү белги коюу менен аудиожазманы маалыматтын электрондук алып жүрүүчүсүнө көчүрүп, аны ушул түзүмдүк бөлүнүштө алты айга чейин сактайт.
Көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөндөн кийин кеңешмени уюштурган жооптуу түзүмдүк бөлүнүштүн ыктыяры боюнча маалыматтын электрондук алып жүрүүчүсү Өкмөттүн Аппаратынын иш номенклатурасына ылайык андан ары сактоо үчүн тизим боюнча (датасын, өткөрүү жерин жана каралган маселелердин маңызын көрсөтүү менен) иш кагаздарын жүргүзүү секторуна өткөрүп берилет.".
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2022-жылдын 29-мартындагы №260
КҮЧҮН ЖОГОТТУ