КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 15-марты, № 56-б
2015-жылдын 26-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Токмок шаарында суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын реабилитациялоо" жөнүндө Кредиттик макулдашуунун алкагында Токмок шаарынын мэриясы тарабынан мамлекеттик зайымдык каражаттардын кайтарылышын камсыздоо максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-майындагы № 213-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пунктунда:
- үчүнчү абзацындагы «2,5» деген цифралар «1,0» деген цифралар менен алмаштырылсын;
- бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«- кредиттин негизги суммасы жана пайыздар жарым жылда 1 жолу, ар бир жылдын 23-майында жана 23-ноябрында бирдей бөлүктөр менен төлөнөт, мында кредит биринчи жолу кредиттин суммасы өздөштүрүлгөн күндөн тартып төлөнөт жана кредитти төлөөнүн акыркы датасы - 2029-жылдын 23-ноябры;»;
- жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«- кредиттин өздөштүрүлбөгөн суммасы үчүн жылына 0,5 пайыз өлчөмүндөгү комиссия Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууга кол коюлган датадан тартып 60 күндөн кийин эсептелет, мында кредит өздөштүрүлгөн датадан тартып 60 күндөн кийин төлөнөт;».
2. Ушул буйрук Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашууга жиберилсин.
3. Ушул буйрук Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен макулдашылгандан кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |