Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 23 - июлу № 274-б
"CASA-1000" электр берүү линиясынын жанында жайгашкан айылдардын социалдык жана экономикалык инфраструктурасын өнүктүрүүгө коомчулуктарды тартуу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:
1. Төмөндөгү расмий тилде (расмий эмес котормо) тиркелгендер жактырылсын:
Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуунун долбоору ("CASA-1000" жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоору);
- Кыргыз Республикасы менен "CASA-1000" Көп тараптуу донордук максаттуу фондунун бөлүштүрүүчүсү катары чыккан Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Борбордук жана Түштүк Азияда "CASA-1000" электр энергиясын берүү жана сатуу долбоорунун Көп тараптуу донордук максаттуу фондунун гранты жөнүндө макулдашуунун долбоору.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрине жогоруда аталган макулдашууларга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |