Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 4-майы, № 159-б
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин материалдык-техникалык базасын бекемдее максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Кыргыз Республикасындагы БУУӨПтүн арызынын негизинде 2008-жылы чыгарылган, кузовунун № X9L21230080234786, кыймылдаткычынын № 0246266, кыймылдаткычынын көлөмү 1800 см3, күмүш тустөгү "Шевроле-Нива 2123" маркасындагы автомашинаны белгиленген тартипте мамлекеттин пайдасына баш тартуу бажы жол-жобосуна жайгаштырсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд ушул буйруктун 1 -пунктунда көрсөтүлгөн автотранспорт каражатын белгиленген тартипте мамлекеттин менчигине кабыл алсын, наркын бааласын жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин оперативдүү башкаруусуна өткөрүп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги белгиленген тартипте ушул буйруктун 1-пунктунда керсөтүлгөн автотранспорт каражатын оперативдүү башкарууга кабыл алсын.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |