Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 8-майы № 162-б
Ч.Т.Айтматовдун туулган күнүнүн 90 жылдыгына карата иш-чараларды улуттук жана эл аралык жогорку деңгээлде өткөрүү максатында, Кыргыз Республикасьшын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин чыгымдарын 15 808 000 (он беш миллион сегиз жүз сегиз миң) сомго азайтсын;
- төмөнкүлөрдүн чыгымдарын көбөйтсүн:
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин чыгымдарын 1 000 000 (бир миллион) сомго;
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын чыгымдарын 14 500 000 (он төрт миллион беш жүз миң) сомго;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын чыгымдарын 308 000 (үч жүз сегиз миң) сомго;
- "Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун даярдоодо ушул буйруктан келип чыгуучу тиешелүү өзгөртүүлөр каралсын.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттарды натыйжалуу жана максаттуу жумшалуусун камсыздашсын.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жана билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |