Мазмунга
ДалилКыргыз Республикасынын укуктук китепканасы
Меню
Далилден сураңыз
Тил
Башкы бетКаталогМыйзам долбоорлоруКалыптарДокументти текшерүүӨзгөртүүлөрСервис жөнүндөДалилден сураңыз
Каталог/Распоряжение
РаспоряжениеКүчүндө

КР Өкмөтүнун 2018-жылдын 28-апрелиндеги № 151-б (Акча каражатрады бөлүп берүү жөнундө) буйругу

Реквизиттер

ОрусКырг
Номер
№ 151-р
Кабыл алынган
2018-жылдын 28-апрели
Чыгарган
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

Реестрде

Минюст коду
217347

Минюсттун расмий барагы

Иш, бизнес жана окуу үчүн
укуктук маалымат.

Компания

Сервис жөнүндөКаталогМыйзам долбоорлоруКалыптарДокументти текшерүүДалилден сураңыз

Компаниянын реквизиттери жана байланыштар азырынча кошула элек.

Көз карандысыз маалыматтык сервис. Маалымат КР Юстиция министрлигинин укуктук маалымат банкынан автоматтык түрдө алынган жана ката кетиши мүмкүн. Юридикалык чечимдер үчүн расмий булак менен салыштырыңыз.

© 2026 dalil.kg
Редакция28.01.2019 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2018-жылдын 28-апрели, № 151-б

2015-жылдын 27-мартында Брюссель шаарында кол коюлган жана Кыргыз Республикасынын "2015-жылдын 27-мартында Брюссель шаарында кол коюлган "Секторду реформалоого контракт - Кыргыз Республикасындагы социалдык коргоо" (DCI-ASIE/2014/025-021) программасы боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа Бирлигинин ортосундагы финансылык макулдашууну ратификациялоо жөнундө" Мыйзамы менен ратификацияланган "Секторду реформалоого контракт -Кыргыз Республикасындагы социалдык коргоо" программасы боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа Бирлигинин ортосундагы финансылык макулдашуунун айрым жоболорун өз убагында аткаруу, ошондой эле Жалал-Абад облусунун калкы үчүн саламаттык сактоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине республикалык бюджеттен 204 444 400 (эки жүз төрт миллион төрт жүз кырк төрт миң төрт жүз) сом өлчөмүндөгү акча каражатын бөлүп берсин, анын ичинде:

69 034 900 (алтымыш тогуз миллион отуз төрт миң тогуз жүз) сом -Беловодскидеги балдардын психоневрологиялык социалдык-стационардьж мекемесинин имаратын курууга;

67 309 500 (алтымыш жети миллион үч жүз тогуз миң беш жүз) сом -Жалал-Абад облусундагы балдардын психоневрологиялык интернат үйүнүн реабилитациялык корпусун курууга;

68 100 000 (алтымыш сегиз миллион бир жүз миң) сом - Жалал-Абад облустук бириккен ооруканасынын жаңы корпусун курууга;

- "Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнундө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо тиешелүү езгөртүүлөрдү караштырсын.

2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнун Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жана курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

М.ДАбылгазиев

 

Түзүм

Бул документте бөлүмдөр табылган жок.