Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 03-апрели №28/1
Корул айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкеринин жана ВУС кызматкерлеринин жүргүзүп жаткан иштери боюнча
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 3-бөлүгүнүн 20-беренсинин 7-16-17-пункттарына ылайык, айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкердин жана ВУС кызматкерлеринин жүргүзүп жаткан иштерин карап чыгып, талкуулап Корул айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкери К.Жапарова жана ВУС кызматкерлери А.Маматов, С.Жээмуратовалар тарабынан бир топ алгылыктуу иштердин аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Калкты социалдык жактан коргоонун механизмдерин иштеп чыгуу, камкордуксуз балдарга, улгайган адамдарга социалдык кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу, ВИЧ, СПИД жугуштуу орууларга түшүндүрүү иштерди жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкери К.Жапаровага милдеттендирилсин.
3. Жарандардын жалпыга бирдей милдеттүү аскердик жана альтернативдик кызматтары жөнүндө мыйзамынын негизинде райондук чакырууга жарандарды өз убагында жөнөтүүнү камсыз кылуу жана түшүндүрүү иштерди жүргүзүү жагы ВУС кызматкерлери А.Маматовго жана С.Жээмуратовага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жамааттар жана граждандык коом менен иштөө, миграция, кичи жана орто бизнести колдоо, инвестиция тартуу, эмгек тартибин чыңдоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т. Маназаров |