Редакцияот 03.04.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Корул айылдык Кенешинин 6-чакырылышынын 28-отуруму

 

2019-жылдын 03-апрели №28/3

Корул айыл өкмөтүндөгү билим берүү мекемелеринин окуу тарбиялык иштеринин жүрүшү боюнча жана мектеп окуучуларынын бири-бирине үстөмдүк кылууларын жана түнкү отуруштарды болтурбоону алдын алуу

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 2-бөлүгүнүн 10-беренесинин 7-пунктуна ылайык, айыл өкмөтүндөгү билим берүү мекемелеринин окуу тарбиялык иштеринин жүрүшү боюнча жана мектеп окуучуларынын бири-бирине үстөмдүк кылууларын, акыркы коңгуроо салтанатына карата окуучулар арасында түнкү олтуруштарды болтурбоону алдын алуу боюнча Корул айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Корул айыл өкмөтүндөгү билим берүү мекемелеринин окуу тарбиялык иштеринин жүрүшү боюнча жана мектеп окуучуларынын бири-бирине үстөмдүк кылууларын жана түнкү отуруштарды болтурбоонун алдын алуу боюнча бир топ иштердин жүргүзүлгөндүгү белгиленсин жана мындан ары ата-энелер менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, бул боюнча атайын комиссия түзүлүп, текшерүүлөр мектеп директорлору, ИДН жана участкалык милиция тарабынан жүргүзүлсүн.

2. Мектеп окуучуларын медициналык эрежеден өткөрүүнү ар жыл сайын камсыз кылуу, билим берүү мекемелеринин санитардык-гигиеналык абалын такай көзөмөлдөө, жагын жана башка жугуштуу оорулардын алдын алуу жагы ФАП башчыларына, айыл башчыларга милдеттендирилсин.

3. Мектептерде жана класстык кааналардын санитардык- гигиеналык абалын жакшыртуу, 1-4-класстарга шашке тамагын уюштурууда баардык нормаларды жана азык-түлүктүн сапатын сактоо, ашканада балдарга тамак берилүүчү жайлардын абалын санитардык –гигиеналык жактан колго алуу жагы мектеп директорлоруна жана айыл башчыларга тапшырылсын.

4. Айыл өкмөтүндөгү билим берүү мекемелеринин 2019-2020-жаңы окуу жылына карата ремонт иштерин өз убагында сапаттуу бүтүрүү жагы мектеп директорлоруна милдеттендирилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө билим берүү, социалдык маселелер, билим берүү, маданий массалык иштер жана саламаттыкты сактоо, спорттун          баардык түрү, туризм жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссиясына жана ФАП башчыларына тапшырылсын.

 

Төрага

Т. Маназаров