Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 03-апрели №28/4
Айыл өкмөтүндө 2019-жылга айлана-чөйрөнү жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча үч айлык жарыялоо
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 3-бөлүгүнүн 18-беренесинин 9-пунктуна ылайык, айыл өкмөтүндө 2019-жылга айлана чөйрөнү жашылдандыруу, көрктөндүрүү боюнча эки айлык жарыялоо жөнүндө Корул айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айыл өкмөтүнүн социалдык инфраструктурасын, санитардык абалын жакшыртуу, аймактарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча бир топ алгылыктуу иштер жүргүзүлүп жаткандыгы белгиленсин.
2. Айыл өкмөтүнүн айылдарындагы көчөлөрдү, жол бойлорун, короолорду тазалоо иштери боюнча ишембиликтерди өткөрүү, калктуу конуштарды жалпы жашылдандыруу, жолдорду жана жол боюндагы кашааларды оңдоо, жылдыруу боюнча иштерди жүргүзүү жагы айыл башчыларга милдеттендирилсин.
3. Администрациялык имараттарынын тышкы көрүнүшүн тартипке келтирүү, айлана-чөйрөсүнүн абалын жакшыртуу, көрктөндүрүү, көрктөндүрүүнүн жыйынтыгын чыгаруу, гүлдөрдү олтургузуу боюнча иштерди жүргүзүү жагы мектеп директорлоруна, ФАП башчыларына, балдар бакчасынын башчысына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, жер жана агрардык маселелер, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссияга жана айыл өкмөтүнүн башкы жер адисине, айыл башчыларына милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Маназаров |