Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 03-апрели №28/5
Апрель айынын бир жекшемби күнүн маркумдарды эскерүү күнү кылып белгилеп, мүрзөлөрдүн айланасын тазалоо жана оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 3-бөлүгүнүн 18-беренесинин 8-пунктуна ылайык, Айыл өкмөтүндө апрель айынын бир жекшемби күнүн маркумдарды эскерүү күнүн белгилеп, мүрзөлөрдүн айланасын тазалоо жана оңдоп –түзөө иштерин жүргүзүү боюнча Корул айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Апрель айынын акыркы жекшемби күнүн маркумдарды эскерүү күнүн белгилеп ар жыл сайын белгиленип, мүрзөлөрдүн айланасын тазалоо жана Атаке мүрзөсүнө сел тосмосун тосуу жана башка мүрзөлөрдүн айланасын тазалап, оңдоо-түзөө иштери жүргүзүлсүн.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жамааттар жана граждандык коом менен иштөө, миграция, кичи жана орто бизнести колдоо, инвестиция тартуу, эмгек тартибин чыңдоо боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн айыл башчыларына жана мечиттердин имамдарына тапшырылсын.
Төрага | Т. Маназаров |