Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 03-апрели №28/6
«Мыкты айыл», «Таза көчө», «Үлгүлүү үй», «Чың ден соолукка» өбөлгө деген ураан алдында элди ишембиликке тартуу
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 3-бөлүгүнүн 18-беренесинин 11-пунктуна ылайык, «Мыкты айыл», «Таза көчө», «Үлгүлүү үй», «Чың ден соолук», деген ураан алдында элди, жамааттарды ишембиликке тартуу боюнча Корул айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Мыкты айыл», «Таза көчө», «Үлгүлүү үй», «Чың ден соолук» деген ураан алдында элди ишембиликке тартуу боюнча 1-Май, Тогуз-Булак, Кең-Жылга айылдар арасында конкурс жарыялансын.
2. «Мыкты айыл», «Таза көчө», «Үлгүлүү үй», «Чың ден соолук» деген ураан алдында жарыяланган конкрустун жыйынтыгы 2019-жылдын 31-августуна карата чыгарылсын.
3. Корул айылындагы өкмөттүк жана бейөкмөт уюмдар аркылуу иш жүргүзгөн айылдар, мектептердеги жана ден соолук комитеттери такталып чыксын. Ошону менен бирге кызамык, кызылча оорусунун алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жыйынтыгы мектептерден, медициналык кызматкерлерден так маалыматтар берилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы 1-Май айылынын айыл башчысы К.Закировго, Кең-Жылга айылынын айыл башчысы Д.Умаровго жана айылдык кенештин социалдык маселелер, билим берүү, маданий массалык иштер жана саламаттыкты сактоо, спорттун баардык түрү, туризм жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т. Маназаров |