Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-апрели №29/3
Корул айыл өкмөтүнүн табигый кырсыктардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштери боюнча
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 2-бөлүгүнүн 3-бөлүгүнүн 18-беренесинин 22-пунктуна ылайык, айыл өкмөтүнүн табигый кырсыктардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча С.Жакыповдун жүргүзүп жаткан иштерин карап чыгып, талкуулап Корул айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айыл өкмөтүнүн табигый кырсыктардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу боюнча бир топ алгылыктууиштердин аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Айыл өкмөттүн аймагында сел каптоонун, суу ташкындарынын, жер көчкүлөрдүн алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чаралар күчөтүлсүн. Жер көчкү коркунучу бар участокторго жооптуу кызматкерлер бекитилип, эл арасында түшүндүрүү иштери жана алдын алуу жагы айыл башчыларга жана С.Жакыповго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жамааттар жана граждандык коом менен иштөө, миграция, кичи жана орто бизнести колдоо, инвестиция тартуу, эмгек тартибин чыңдоо боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн айыл башчыларына милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Маназаров |