Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-июну №30/4
2019-2020-жаңы окуу жылына билим берүү мекемелеринин даярдыгы боюнча мектеп директорлорунун билдирүүлөрүн угуу боюнча
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 2-бөлүгүнүн 7-пунктуна таянып, 2019-2020-жаңы окуу жылына карата билим берүү мекемелеринин даярдыгын талкуулап Корул айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалпы жана мектепке чейинки билим берүү мекемелердин 2019-2020-жаңы окуу жылына даярдоо боюнча бир топ алгылыктуу иштердин аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Билим берүү мекемелериндеги иш кагаздарын жана көрнөк-жарнактарды мамлекеттик тилде так, туура жүргүзүлүшүн көзөмөлдөө мектеп директорлоруна милдеттендирилсин.
3. Мектептерде билим сапатын жогорулатууга, окуучулардын райондук, облустук олимпиадаларга катышууга көңүл бөлүп, мектеп окуучуларына бирдей формага өтүү жагы, мектеп директорлоруна милдеттендирилсин.
4. Мектептердеги от казан жайгашкан бөлмөлөрдөгү электр өткөргүчтөрүн лабораториядан өткөрүү жана талапка ылайык тартуу, трансформатордук подстанциялардын айланасын тосуп, коопсуздук абалын камсыз кылуу, өрт жана техникалык коопсуздугу боюнча иштерин жандандыруу, суу көлмө менен камсыз кылып, мектептеги бак-дарактарга кам көрүү мектеп директорлоруна милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, социалдык маселелер, билим берүү, жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссияга жана Корул айыл өкмөтүнүн башчысы Аскербек уулу Жыргалбекке милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Маназаров |