Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-июну №30/5
Каада-салтка байланышкан ашыкча, ыксыз чыгымдарды кыскартуу боюнча
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 14-ноябрындагы «2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясы жөнүндө №203 Жарлыгына таянып, айыл өкмөтүндө каада-салт, үрп –адат, ырым-жырымдарды кыскартуу, ашыкча ысырапкерчиликке жол бербөө жана диний саясаттын негизги багыттары жөнүндөгү тишелүү иштерди алып баруу боюнча Корул айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айыл өкмөтүнүн аймагында каада-салт, ырым-жырым, үрп-адаттарды, ашыкча чыгымдарды, майрамдык салтанаттарды тартипке келтирүүдө диний саясаттын негизги багыттары жөнүндөгү тиешелүү иштерди алып баруу боюнча бир катар иштердин аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Каада-салт, ырым-жырым, үрп-адаттарды, ашыкча чыгымдарды, майрамдык салтанаттарды тартипке келтирүү боюнча Корул айылынын жалпы элдик жыйынынын 2019-жылдын 2-июлундагы №11 протоколунун токтому бекитилсин жана калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы, айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерине, ардагерлер кеңешине, аялдар кеңешине, айылдык Кеңештин депутаттарына, көчө башчыларына тапшырылсын.
3. Тажияларда 60 жаштан жогорку маркумдарга 1 же 2 баш кой союуга уруксат берилсин.
маркумдун жылдыгын белгилөөдө 1 баш кой союуга уруксат берилсин (айылы менен).
сый дасторкон салып, конок күтүүгө (адияга) бөгөт коюлсун.
жылдыкта себет алып келүү, союш жетелеп келүү, кийит кийгизүү токтотулсун.
жалпысынан райондун деңгээлиндеги чечимине ылайык иш алынып барылсын.
4. Ыксыз чыгымдарды кыскартуу боюнча мыйзамын иштеп чыгаруу жагы, Жогорку Кеңештен суралсын.
5. Айыл имамдары жана айыл аксакалдары тажыяларда, тойлордо эл чогулган жайларда түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен эл арасында үлгү катары көрсөтүү жагы талап кылынсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, мыйзамдуулук укук тартибин, этиканы чыңдоо, регламент, дин жана улуттук каада-салттар боюнча туруктуу комиссияга жана дин иштери боюнча иш алып баруучу, Таштемир Оморовго милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Маназаров |