Загрузка документа…
БАШ-КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 7-марты № 17-19/3
Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 337-беренесинин 6-пунктуна ылайык айыл чарба багытындагы жер салыгынын базалык ставкасын кɵтɵрүү жɵнүндɵ
Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 337-беренесинин 6-пунктуна ылайык Баш-Кууганды айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн айыл чарба багытындагы жер салыгынын базалык ставкасын кɵтɵрүү максатында Баш-Кууганды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XVII чакырылыштагы кезексиз он тогузунчу сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 337-беренесинин 6-пунктуна ылайык 01.01.2019-жылдан баштап айыл ɵкмɵтүнүн айыл чарба багытындагы сугат, кайрак жерлердин жер салыгы баштапкы базалык ставкасынан 0,5 эсеге кɵтɵрүлсүн.
2. Бул токтом айыл ɵкмɵтү аркылуу каттоодон ɵткɵрүлүп, www.gamsumo.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жɵнɵтүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышына камсыз кылуу жагы Баш-Кууганды айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн башчысы Р. Жумуковго тапшырылсын.
Төрага | К. Ажыгулов |