Загрузка документа…
ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 13-марты №64
Зергер айыл өкмөтүнүн Токтогул айылынын жеке менчик жер участогуна түзүлгөн генпланга кошумча схеманы бекитип берүү жөнүндө
Зергер айылдык кеңешинин кезексиз 18-сессиясы Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-статьясынын, Токтогул айылынын тургундарынын 2019-жылдын 1-мартындагы жеке менчик мончо курууга берген сунушунун негизинде жана Токтогул айылына түзүлгөн генпланга кошумча Өзгөн районунун шаар курулуш жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан түзүлгөн схеманы бекитип берүү жөнүндө Зергер айыл өкмөтүнүн жер, турак-жай маселелери боюнча башкы адиси М.Каракозуевтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-статьясынын негизинде Токтогул айылынын Жаны-Абад участкасына Тайчабаров Шайыбеке жеке менчик мончо куруу үчүн Өзгөн районунун шаар курулуш жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан түзүлгөн кошумча схемасы бекитилсин.
2.Суралсын Өзгөн районунун шаар курулуш жана архитектура боюнча башкармалыгынан (М.Акматов) курулуш иштерине тийиштүү иш-кагаздарын даярдап берүү жагы.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Зергер айылдык кеңешинин айыл-суу чарба, өнөр-жай, курулуш, транспорт, байланыш жана энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | С. Кулушов |