Редакцияот 11.06.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2019-жылдын 11-июну № 2

Боо-Терек  айыл аймагында өнүктүрүү фондунун эсебин ачуу жөнүндө

 

Боо-Терек айылдык  кеңешинин  XXXI- чакырылышынын XХVIII – сессиясы

Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 02-17/542 сандуу “Өзү туулуп өскөн айылына жардам берүү максатын көздөгөн өлкө ичинде жана өлкөдөн сырткары иштеген ишкерлердин эсебинен каражат топтоо” жөнүндөгү катын карап талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1.Өзү туулуп өскөн айылына жардам берүү максатын көздөгөн өлкө ичинде жана өлкөдөн сырткары иштеген ишкерлердин эсебинен каражат топтоо үчүн Боо-Терек айыл өкмөтүндө “Боо-Терек айыл ынтымагы” аталышындагы өнүктүрүү фондунун эсеби ачылсын.

2.Токтомдун  аткарылышын камсыз кылуу жагы Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Бейшебаевге милдеттендирилсин.

3. Токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

Төрага

У. Андакулов