Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын

2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2019-жылдын 29-августу № 475

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2013-жылдын 5-августундагы № 379 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин коллегиясынын курамына төмөнкүлөр киргизилсин:

- Кожошева Жекшенкүл, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин ишкердик саясат башкармалыгынын атаандаштыкты өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;

- Кадырбекова Нуржан Майназаровна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин укуктук колдоо жана мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн башчысы.

 

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев