Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы
№ 622 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2017-жылдын 28-октябры № 705
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 14-январындагы № 14 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
Жогоруда аталган буйрук менен бекитилген мамлекеттик турак жай программасынын маселелерин координациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамында:
- биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;";
- жетинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Новиков Артем Эдуардович, Кыргыз Республикасынын Экономика министри;";
- он үчүнчү жана он төртүнчү абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Абдиев Бактыбек Абышевич - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору;
Салиев Бахтияр Усманович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;";
- он алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Алманбетов Омурбек Бадыевич - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзунун директору (макулдашуу боюнча);".
Премьер-министр |
| С.Дж.Исаков |