Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы
№ 622 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 13- сентябры № 541-б
Кыргыз Республикасында Туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетүү боюнча Улуттук ыктыярдуу серептин долбоорун өз убагында даярдоо максатында, 2020-жылы июль айында Бириккен Улуттар Уюмунда Туруктуу өнүгүү боюнча жогорку деңгээлдеги саясий форумда көрсөтүү үчүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасында Туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетүүнүн Улуттук ыктыярдуу серебин даярдоо боюнча (мындан ары-Улуттук ыктыярдуу сереп) координациялык комиссия (мындан ары -Комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Комиссиянын өздүк курамы Кыргыз Республикасынын тийиштүү министрликтери менен ведомстволорунун сунуштарынын негизинде Кыргыз Республикасынын экономика маселелери боюнча вице-премьер-министри тарабынан бекитиле тургандыгы белгиленсин.
3. Комиссиянын жумушчу органы болуп Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги аныкталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен бирдикте Кыргыз Республикасында Туруктуу өнүгүүнүн максаттарынын логотибинин эскизин тандоо боюнча уюштуруу иш-чараларын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзсүн (конкурс өткөрсүн) жана бир айлык мөөнөттүн ичинде Комиссияга бекитүүгө берсин.
5. Комиссия ыкчам түрдө төмөнкүлөрдү бекитсин:
- Улуттук ыктыярдуу серепти даярдоо боюнча план-графикти;
- Кыргыз Республикасында Туруктуу өнүгүүнүн максаттарынын логотибин.
6. Комиссия өзүнүн ишин камсыздоо үчүн төмөнкүлөргө укуктуу экендиги белгиленсин:
- мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдү, коомдук жана илимий уюмдарды, ишкер жана эксперттик коомчулукту өз ишине тартууга
- мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан зарыл болгон маалыматты суроого жана алууга;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары менен кеңири масштабдагы тийиштүү иштерди жүргүзүүгө.
7. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери жана административдик ведомстволору Улуттук ыктыярдуу серепти даярдоону чагылдыруу боюнча чараларды көрүшсүн.
8. Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, административдик ведомстволордун жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери (макулдашуу боюнча) Комиссиянын ишине ар тараптуу көмөк көрсөтүшсүн.
9. Мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары Комиссиянын ишинин жүрүшүн чагылдырууну камсыздашсын (Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарына Улуттук ыктыярдуу серепти даярдоонун жүрүшүн чагылдыруу сунушталсын).
10. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Тиркеме
Кыргыз Республикасында Туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетүү боюнча Улуттук ыктыярдуу серептин долбоорун даярдоо боюнча координациялык комиссиянын
курамы
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, координациялык комиссиянын жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары, координациялык комиссиянын жетекчисинин орун басары, экономика маселелери, анын ичинде региондорду өнүктүрүү маселелери боюнча жумушчу топтун жетекчиси.
Координациялык комиссиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары, социалдык маселелер, анын ичинде региондорду өнүктүрүү маселелери боюнча жумушчу топтун жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары, башкаруу, сот, укук коргоо системасын реформалоо жана башка аймактык контекст менен байланышкан маселелер боюнча жумушчу топтун жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо маселелери, анын ичинде региондорду өнүктүрүү маселелери боюнча жумушчу топтун жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын улуттук артыкчылыктарын, анын ичинде региондук контекстти эске алуу менен Туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетүүнү мониторингдөө жана баалоо маселелери боюнча жумушчу топтун жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы;
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин статс-катчысы;
Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары;
министрдин орун басары - Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору;
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин статс-катчысы;
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин торагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүно караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын статс-катчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын биринчи орун басары.