КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-июлундагы № 374-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 3-октябры № 373-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-мартындагы № 80-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуусу боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиялардын кыргыз бөлүгүнүн төрагаларынын тизмесинде:
34-пунктунун «Өкмөттөр аралык комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн төрагасы» графасында «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |