Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 30-сентябры № 368-б
Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин Өзгөчө кырдаалдар боюнча координациялык кеңешинин он экинчи жыйынын өз убагында даярдоону жана ийгиликтүү өткөрүүнү камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2019-жылдын 9-10-октябрында Бишкек шаарында Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин Өзгөчө кырдаалдар боюнча координациялык кеңешинин кезектеги он экинчи жыйынын уюштурсун жана өткөрсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда аталган иш-чараны 2019-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде өз убагында каржыласын.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин расмий делегацияларын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башкы башкармалыгынын атайын автотранспорту менен коштоону камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери жана административдик ведомстволору белгиленген ыйгарым укуктарынын чегинде Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине иш-чараны уюштурууга жана өткөрүүгө көмөк көрсөтүшсүн.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |