КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 30-сентябры № 369-б
Айдоочулук курамды каттоодо документтерди өз убагында берүүнү камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 10-июнундагы № 193-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктунун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 4-пунктундагы "1-октябрына" деген сөздөр "31-декабрына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 2-1 жана 2-2-пункттар менен толукталсын:
"2-1. Ушул буйрук менен бекитилген 2019-жылдын 1-октябрына чейинки мөөнөткө берилген улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр 2019-жылдын 31-декабрына чейин жарактуу деп саналаары белгиленсин.
2-2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги 2019-жылдын 1-октябрына чейинки мөөнөткө берилген улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдүн 2019-жылдын 31-декабрына чейин жарактуулугу жөнүндө Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлерине маалымдоо боюнча зарыл чараларды көрсүн.".
2. Жогоруда аталган буйруктун 1-тиркемесинде "01-10-2019" деген цифралар "31-12-2019" деген цифралар менен алмаштырылсын.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |