Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 25-майы № 171-б
Кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-апрелиндеги № 129-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган буйрук менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы "Борбордук Азиядагы гидрометеорологиялык тейлөөнү модернизациялоо" долбоорун кошумча каржылоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүчү Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамына төмөнкүлөр киргизилсин:
Мирзахмедов Нурболот Сабыржанович - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри, расмий делегациянын башчысы;
Мамбетов Азамат Муратович - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы;
- Боронов К.А. расмий делегациянын курамынан чыгарылсын.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |