Редакцияот 29.03.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VI чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы

2019-жылдын 29-марты № 22/2

Депутаттардын Чолпон айылдык кенешинин № 4150 “Чолпон” шайлоо аймагынан депутат Ишенов Чынгыз Ишеновичтин арызын кароо жөнүндө

Депутаттардын Чолпон айылдык кеңешинин № 4150 “Чолпон” шайлоо аймагынан депутат Ишенов Чынгыз  Ишеновичтин арызын угуп жана талкуулап, Депутаттардын Чолпон айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Депутаттардын Чолпон айылдык кеңешинин №4150 “Чолпон” шайлоо аймагынан депутат Ишенов Чынгыз Ишеновичтин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдагы № 706 Токтомунун негизинде өткөрүлгөн Чолпон айыл өкмөтүнүн конкурстук комиссиясынын 2019-жылдын 21-февралындагы отурумунун №7 протоколунун чечимине ылайык Ишенов Чынгыз Ишенович “Мал чарбачылык жана ветеринария маселелери боюнча башкы адис” кызматына кабыл алынгандыгына байланыштуу , депутаттык шайлоо мандаты жокко чыгарылсын.

2.  Депутаттардын Чолпон айылдык кеңешинин №4150 Чолпон шайлоо аймагынан  депутаттыкка талапкер, кийинки катарда турган атуулдун  кандидатын Чолпон айылдык кеңешинин депутаттыгына каттап, депутаттык мандатын берүү Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.

 

Төрага

Д. Абдраимов