Редакцияот 09.07.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VI чакырылышынын кезектеги XXV  сессиясы

2019-жылдын 9-июлу № 25/2

USAID “Ийгиликтүү Аймак” долбоорунун алкагында иштелип чыккан , Чолпон айыл өкмөтүнүн 2018-2020-жылдарга карата коммуникациялык Стратегиясынын алкагында аткарылган иштер жөнүндө

Чолпон айыл өкмөтүнүн 2018-2020-жылдарга карата коммуникациялык Стратегиясынын алкагында аткарылган иштер тууралуу айыл өкмөт башчысы Карбозов Алайбектин маалыматын угуп жана талкуулап Чолпон айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чолпон айыл өкмөтүнүн 2018-2020-жылдарга карата коммуникациялык Стратегиясынын алкагында аткарылган иштер тууралуу  айыл өкмөт  башчысы Карбозов Алайбектин маалыматы жактырылсын.

2. Чолпон айыл өкмөтүнүн 2018-2020-жылдарга карата коммуникациялык Стратегиясынын иш-аракеттер планына кирген иш-чаралардын аткарылышын көзөмөлгө  алып, тиешелүү иштерди жүргүзүп туруу жагы Чолпон айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Боогачиевге милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

Д. Абдраимов