Редакцияот 09.07.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VI чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы

2019-жылдын 9-июлу № 25/6

“Коомдук башталыштагы Чолпон айылдык кеңешинин төрагасын

шайлоо боюнча эсептөө комиссиясын түзүү жөнүндө”

Коомдук башталыштагы Чолпон айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндө Мыйзамынын 37-беренесинин 2- бөлүмүнүн талабына ылайык жашыруун добуш менен шайлоо үчүн эсептөө комиссиясын жана эсептөө комиссиясынын курамдык санын тузүү максатында Депутаттардын Чолпон айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Коомдук башталыштагы Чолпон айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын курамы үч депутаттан түзүлсүн.

2. Коомдук башталыштагы Чолпон айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын курамы төмөндөгү депутаттар:

1. Кадырбеков Майрамбек, комиссия курамынын төрагасы;

2. Жеңишбеков Чолпонбек, комиссия курамынын мүчөсү;

3. Чолпонкул уулу Нурадил, комиссия курамынын мүчөсү;

 

Төрага:                                                                                                                                                                                                                                                                Д. Абдраимов