Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы
№ 622 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2019-жылдын 10-октябры № 587
Кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2019-жылдын 2-апрелиндеги № 173 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- Кыргыз Республикасынын билим берүү системасына комплекстүү талдоо жүргүзүү жана аны өркүндөтүү сунуштарын даярдоо боюнча эксперттик топтун курамына төмөнкүлөр киргизилсин:
Исаков Каныбек Абдуваситович | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри; |
Алаева Ольга Владимировна | - | Бишкек шаарындагы № 37 мектеп-гимназиянын директору; |
Дайырбекова Гулнара Мелисовна | - | "Креатив-Таалим" билим берүү комплексинин башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Чубукова Евгения Анатольевна | - | билим берүү боюнча көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча); |
- эксперттик топтун курамынан Кожобеков К.Г., Ниязова А.М., Абдуллаева М.А. чыгарылсын;
- жыйырма үчүнчү абзацындагы "кесиптик техникалык билим берүү системасын реформалоо боюнча эксперт (макулдашуу боюнча)" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин башкы инспектору" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |