Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 9-ноябры, № 423-б
1. Кыргыз Республикасынын атынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Германия өнүктүрүү банкынын (KfW) ортосундагы «Саламаттык сактоо боюнча сектордук программа VI» № BMZ 2017 67 938 долбоору боюнча 9 000 000 (тогуз миллион) евро жана «Саламаттык сактоо боюнча сектордук программа VI - коштоочу чаралар» № BMZ 2017 70 049 долбоору боюнча 1 000 000 (бир миллион) евро суммасындагы каржылоону берүү жөнүндө келишимдин расмий тилдеги тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрине принциптүү эмес мүнөздөгү толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү укугу менен жогоруда аталган Келишимдин долбооруна Кыргыз Республикасынын атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |