Редакцияот 23.08.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VI чакырылышынын кезектеги ХХХХI сессиясы

2019-жылдын 23-августу № 41/2

Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2013-жылдын 31-июль

күнүндөгү № 8/8 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө

Кара-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы Мантыш айылындагы негизги чоң жолго суу өтүүчү трубаларды орнотуу жөнүндөгү  2013-жылдын 31-июлундагы №8/8 токтомун жокко чыгаруу боюнча токтомун жокко чыгаруу  боюнча Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы М.С.Табылдиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап  Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кара-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы  Мантыш айылында жайгашкан базардын ичинде пайдаланылбай калган көтөрткүчтүн түркүктөрүн  Мантыш айылындагы негизги чоң жолго көпүрө катары пайдалануу жөнүндө чыгарылган  Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2013-жылдын 31-июлундагы № 8/8 токтому жокко чыгарылсын.

2. Мантыш айылында жайгашкан базардын ичинде пайдаланылбай калган көтөрткүчтүн түркүктөрү Кара-Суу айыл аймагынын кире беришине арка орнотуу үчүн пайдаланылсын.

3 Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы С.М.Табылдиевге тапшырылсын.

 

Төрага

К.Жумабеков