КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезектеги ХХХХII сессиясы
2019-жылдын 23-сентябры № 42/1
Социалдык жактан коргоо боюнча, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү типтүү келишимди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.12.2014-жылдагы №715 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Конституциясынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен Кочкор райондук Социалдык өнүгүү башкармалыгы жана Кара-Суу айыл өкмөтү тарабынан түзүлгөн типтүү келишимди бекитүү максатында Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.12.2014-жылдагы №715 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Конституциясынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен Кочкор райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы жана Кара-Суу айыл өкмөтү тарабынан түзүлгөн типтүү келишим бекитилсин.
2.Бул токтомдун көзөмөлдөп аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы С.М.Табылдиевге тапшырылсын.
Төрага: К.Жумабеков