Редакцияот 01.10.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 ХХVII чакырылышынын кезексиз ХХVII сессиясы

2019-жылдын 1- октябры № 52

Каргалык айыл өкмөтүнүн 19.09.2019- жылдагы №633-каты боюнча

Каргалык айыл өкмөтүнүн 19.09.2019-жылдагы № 633-каты боюнча «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы И.Даткаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,

Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезексиз ХXVII сессиясы

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

1.    Каргалык айыл өкмөтүнүн мурдагы эски имаратына (мурдагы бала бакча) оңдоп-түзөө иштерине 1 млн акча каражатын бөлүп берүү жагы райондук өнүктүрүү фондуна сунушталсын.

2.    Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго милдеттендирилсин.

3.    Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.

4.    Бул токтомду көзөмөлдөө «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы И.Даткаевге тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

Р.Жунусакунов