Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 1- октябры № 58
Жогорку Ак-Күп каналынын курулушуна жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин “2019-жыл региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы” деп жарыялаган жарлыгын аткаруу максатында Каргалык айыл аймагында сугат айдоо аянттарын көбөйтүү үчүн жаңы курулуучу Жогорку Ак-Күп каналынын курулушуна түзүлгөн долбоорго ылайык, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 32-беренесинин негизинде, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезексиз ХXVII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Каргалык айыл аймагынан Жогорку Ак-Күп каналынын курулушуна түзүлгөн долбоорго ылайык жалпы 113 га, анын ичинен дайыма пайдаланууга 28,8 га, убактылуу пайдалануу үчүн 84,1 га жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы М.Акматбековго тапшырылсын.
Төрага |
Р.Жунусакунов |