Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 1- октябры № 60
Каргалык айыл аймагынын айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун
жерлерин ижарага берүү боюнча жер комиссиясынын «Иш регламентин»
бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 22-июнь 2007-жылдагы №243 токтому менен бекитилген «Айыл чарба мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби жөнүндө» типтүү жобонун 22-пунктунун негизинде, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезексиз ХXVII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча жер комиссиясынын «Иш регламенти» бекитилсин.
2. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы М.Акматбековго тапшырылсын.
Төрага |
Р.Жунусакунов |