Мазмунга
ДалилКыргыз Республикасынын укуктук китепканасы
Меню
Далилден сураңыз
Тил
Башкы бетКаталогМыйзам долбоорлоруКалыптарДокументти текшерүүӨзгөртүүлөрСервис жөнүндөДалилден сураңыз

Иш, бизнес жана окуу үчүн
укуктук маалымат.

Компания

Сервис жөнүндөКаталогМыйзам долбоорлоруКалыптарДокументти текшерүүДалилден сураңыз

Компаниянын реквизиттери жана байланыштар азырынча кошула элек.

Көз карандысыз маалыматтык сервис. Маалымат КР Юстиция министрлигинин укуктук маалымат банкынан автоматтык түрдө алынган жана ката кетиши мүмкүн. Юридикалык чечимдер үчүн расмий булак менен салыштырыңыз.

© 2026 dalil.kg
Каталог/Распоряжение
РаспоряжениеКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 24-б (Ош шаарынын мэриясы менен Субкредиттик макулдашууну түзүү жөнүндө) буйругу

Реквизиттер

ОрусКырг
Номер
№ 24-р
Кабыл алынган
2018-жылдын 22-январы
Чыгарган
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

Реестрде

Минюст коду
217745

Минюсттун расмий барагы

Редакция22.01.2018 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2018-жылдын 22-январы, № 24-б

2016-жылдын 21-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган жана Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 24-майындагы № 86 Мыйзамы менен ратификацияланган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Ош шаарында катуу таштандыларды иштетүү системасын жакшыртуу" долбоору боюнча кредиттик макулдашууга ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Ош шаарынын мэриясы менен төмөнкүдөй шарттарда Субкредиттик макулдашууну белгиленген тартипте түзсүн:

- кредиттин суммасы 2.0 млн (эки миллион) евро өлчөмүндө белгиленсин;

- кредитти пайдалануу үчүн өзгөрүлмөлүү пайыздык ставка -Еврибор + карыздын иш жүзүндө өздөштүрүлгөн суммасына жылдык 1,0%(6 айлык);

- сатып алынган жабдуулар жана кредиттик каражаттардын эсебинен сатып алынган башка мүлк түрүндө күрөөлүк камсыздоо;

- кредиттин негизги суммасы жана пайыздык ставка жарым жылда 1 жолу, ар бир жылдын 15-июнунда жана 15-декабрында 25 бирдей бөлүк менен төлонөт, мында кредитти төлөөнүн биринчи датасы - 2019-жылдын 15-июнуна жана кредитти жоюунун акыркы датасы - 2031-жылдын 15-июнуна туура келет;

- төлөмдөр кечиктирилген учурда финансылык санкциялар, мөөнөтү өткөн карыздар келип чыккан убакыттан тартып бул карыздарды толук жоюу датасына чейин - Еврибор + жылдык 2 %;

- Кредиттик макулдашууга кол коюлган күндөн тартып 60 күндөн кийин чегерилүүчу жана Кредиттик макулдашуу күчүнө киргенден кийин төлөнүүчү кредиттин өздөштүрүлбөгөн суммасы үчүн жылына 0,5 % өлчөмүндөгү комиссия;

- эсепти ачуу үчүн кредиттин суммасынан 1 % өлчөмүндө бир жолку комиссия.

2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

С.Дж.Исаков

 

Түзүм

Бул документте бөлүмдөр табылган жок.