Редакцияот 09.08.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги № 7/3 сессиясы  

 2019-жылдын 09-августу № 7/3

Ала-Бука райондук ардагерлер кеңешинин төрагасы Максымбеков Саматкул Нуркуловичти Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата, Кыргыз Республикасынын Президентинин “Ардак граммотасына” көрсөтүү жөнүндө

Ала-Бука райондук ардагерлер кеңешинин төрагасы Максымбеков Саматкул Нуркуловичти Ала-Бука районунун социалдык- экономикалык өнүгүүсүнө кошкон барандуу салымын, көп жылдык үзүрлүү эмгегин эске алуу менен Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы- аким Э.Ы. Абдыкадыровдун сунушун карап чыгып, Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги VII сессиясы

Т О К Т О М  К Ы Л А Т:

1.    Ала-Бука райондук ардагерлер кеңешинин төрагасы Максымбеков Саматкул Нуркуловичти Ала-Бука районунун социалдык- экономикалык өнүгүүсүнө кошкон барандуу салымы жана Ала-Бука районунундагы көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин “Ардак граммотасына” сунуш кылынсын.

2.    Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялансын.

3.    Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

4.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Социалдык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төраганын орун басары

А. Саттаров