Редакцияот 11.09.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Ш.НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VII-чакырылышынын кезектеги 15-сессиясы

2019-жылдын 11-сентябры № 15/2

“Айыл өкмөтүндөгү жарым жылдагы тендердин жүрүшү жөнүндө”

Жогорудагы экинчи   маселени угуп жана талкуулап  Назаралиев атындагы айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын  кезектеги 15-сессиясы

ТОКТОМ    КЫЛАТ :

     1. Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн  башчысынын орун басарынын жарым жылдагы тендердин жүрүшү боюнча билдирүүсү канаттандырылбагандыктан 2019-жылдын жыйынтыгы менен кайра каралсын.    

     2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Р.Турдиевке милдеттендирилсин.

     3. Назаралиев айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru – веб сайтына жарыялансын.

     4.  Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Б.Сооронкуловага жүктөлсүн.

     5. Назаралиев айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru – веб сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага

А.Эшалиев