Загрузка документа…
КАЗАН-КУЙГАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-октябры № 1
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы №715 токтомунун негизинде “Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасын бекитүү жөнүндө”
Казан – Куйган айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
I. Казан – Куйган айыл өкмөтү жана Нарын райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын ортосундагы түзүлгөн айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндөгү келишим бекитилсин.
II. Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп kazankuigan.naryn-region.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
III. I Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Казан – Куйган айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ырысбек уулу Элдарга милдеттендирилсин.
Төрага | М.Шалтаев |