Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 22-январы, № 20-б
Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Кыргыз Республикасындагы Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (ЛСА) арызынын негизинде 2004-жылы чыгарылган, кыймылдаткычынын № 1FZ0608219, кузову JTGHJ09J847004423, алтын түстөгү "Тойота-Лэндкрузер" маркасындагы автотранспорт каражатын мамлекеттин пайдасына баш тартуунун бажы жол-жобосуна белгиленген тартипте жайгаштырсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатын белгиленген тартипте мамлекеттин менчигине кабыл алсын жана аны Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине оперативдүү башкарууга өткөрүп берсин.
3. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети:
- ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатын оперативдүү башкарууга кабыл алсын жана наркынын баасын чыгарсын;
- чыгымдардын бекитилген сметасынын чегинде автотранспорт каражатын күтүүнү ишке ашырсын жана илимий-изилдөө иштерин жана биология, география, экология жана туризм жаатында экспедицияларды жүргүзүү максатында пайдалансын:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик органдарда автотранспорт каражатын каттасын.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө, финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Дж.Исаков |