Мазмунга
ДалилКыргыз Республикасынын укуктук китепканасы
Меню
Далилден сураңыз
Тил
Башкы бетКаталогМыйзам долбоорлоруКалыптарДокументти текшерүүӨзгөртүүлөрСервис жөнүндөДалилден сураңыз

Иш, бизнес жана окуу үчүн
укуктук маалымат.

Компания

Сервис жөнүндөКаталогМыйзам долбоорлоруКалыптарДокументти текшерүүДалилден сураңыз

Компаниянын реквизиттери жана байланыштар азырынча кошула элек.

Көз карандысыз маалыматтык сервис. Маалымат КР Юстиция министрлигинин укуктук маалымат банкынан автоматтык түрдө алынган жана ката кетиши мүмкүн. Юридикалык чечимдер үчүн расмий булак менен салыштырыңыз.

© 2026 dalil.kg
Каталог/Распоряжение
РаспоряжениеКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 14-б (Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматына акча каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө) буйругу

Реквизиттер

ОрусКырг
Номер
№ 14-р
Кабыл алынган
2018-жылдын 22-январы
Чыгарган
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

Реестрде

Минюст коду
217795

Минюсттун расмий барагы

Редакция22.01.2018 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2018-жылдын 22-январы, № 14-б

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесинин 1-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Бишкек шаары, Чүй пр., 122 дареги боюнча жайгашкан имаратты оңдоо иштерин каржылоону камсыздоо максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашуу боюнча, Бишкек шаары, Чүй пр., 122 дареги боюнча жайгашкан имаратты оңдоо үчүн 15 000 000 (он беш миллион) сом Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматына бөлсүн;

- «Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.

2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы аталган имаратты оңдоо үчүн ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн каражаттарды Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын «Мамлекеттик имараттар департаменти» мамлекеттик ишканасына белгиленген тартипте которсун.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

С.Дж.Исаков

 

Түзүм

Бул документте бөлүмдөр табылган жок.