Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 28-марты, № 101-б
"Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 56-беренесин ишке ашырууну камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
- бажы төлөмдөрү боюнча 2018-жылдын республикалык бюджетинин киреше бөлүгүн 537 485 000 (беш жүз отуз жети миллион төрт жүз сексен беш миң) сомго көбөйтсүн;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашып, Бажы кызматын өнүктүрүү фондунун каражаттарын түзүү үчүн 537 485 000 (беш жүз отуз жети миллион төрт жүз сексен беш миң) сом суммасындагы акча каражатты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматына бөлүп берсин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна «Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун киргизсин.
2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты
бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С. Дж. Исаков |