Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 5-апрели, № 124-б
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесинин 1-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Бишкек шаары, Пушкин көчөсү, 50 дарегинде жайгашкан мамлекеттик имаратты оңдоо иштерин каржылоону жана натыйжалуу пайдаланууну камсыздоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Бишкек шаары, Пушкин көчөсү, 50 дарегинде жайгашкан мамлекеттик имаратка жайгаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Бишкек шаары, Пушкин көчөсү, 50 дарегинде жайгашкан имаратты оңдоо үчүн 29 202 250 (жыйырма тогуз миллион эки жүз эки миң эки жүз элүү) сом бөлүп берсин;
- "Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ушул буйруктун 2-пунктунда аталган каражатты белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын "Мамлекеттик имараттар департаменти" мамлекеттик ишканасына ушул буйруктун 1 -пунктунда аталган имаратты оңдоо үчүн которсун.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С. Дж. Исаков |