Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-октябры № 15-2
Жаңы конушка социалдык объект үчүн жер ажыратуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 4-сентябрындагы №450 “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагында жайгашкан кайрак айдоо жерин “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которуу жөнүндө” Токтомунун негизинде трансформациядан өткөн 40 га жердин ичинен 2 га жерди социалдык объек катары спорт комплекс үчүн ажыратуу жөнүндө айыл өкмөттүн жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси К.Жамашевдин баяндамасын угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талаа-Булак айылынын Көк-Булак участкасындагы трансформациядан өткөн 40 га жердин ичинен 2 га жер аянтын спорт комплекс куруу үчүн ажыратууга макулдук берилсин.
2. Мыйзам негизинде тийиштүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөт башчысы М.Калмаматовго милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | А.Маканбаев
|