Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-октябры № 15-3
“Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жана айылдык кеңештин Регламентин, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин “Ардактуу атуулу наамын ыйгаруу жөнүндө” 04.02.2015-жылдагы Жобосун негиздеп, татыктуу жарандарды сунуштаган укук жана мыйзамдуулук боюнча комиссиясынын кеңешмесиндеги маалыматты угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө зор салым кошкон төмөнкү атуулдар “Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын:
- Бекмурзаева Гулипа- Алчалуу айылынын тургуну, аялдар кеңешинин мүчөсү;
- Жусупова Гулайым- Кара-Көл айылынын тургуну, аялдар кеңешинин мүчөсү;
- Шамшиева Жамила- Соку-Таш айылынын тургуну, ФАП жетекчиси;
- Танбаева Айнакан- Шатрак айылынын тургуну, аялдар кеңешинин мүчөсү;
- Мурзакматов Нышан Камытович– Кызыл-Сеңир айылынын тургуну, маданият кызматкери;
- Бапанов Мырзакулбек Абдемухаметович- Орто-Азия айылынын тургуну;
- Кочкоров Самаган Тургунбаевич– Мундуз айылынын тургуну, маданият кызматкери;
Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | А.Маканбаев
|