Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-октябры № 15-4
Талаа-Булак айылындагы ички көчөгө ысым ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын 18.07.2014-жыл №144 географиялык аталыштар жөнүндөгү мыйзамынын 7-беренесин негиздеп, Талаа-Булак айылындагы сайды бойлогон ички көчөгө эмгек ардагери маркум Оморов Сатардын ысымын ыйгаруу жөнүндөгү 6-октябрь 2019-жылдагы жыйналышынын протоколун мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын баяндамасында угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талаа-Булак айылындагы ички көчөгө эмгек ардагери Оморов Сатардын ысымы ыйгарылсын.
2. Мындан ары жогорудагы белгиленген көчө Оморов Сатар атындагы көчө деп аталсын.
3. Көчөгө Кыргыз Республикасынын шаар жана айыл жергелеринин өнүгүү процесстеринин талабына ылайык сиволикасы белгиленсин.
4. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | А.Маканбаев
|