КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
кезектеги он бешинчи сессиясы
2019-жылдын 15-октябры № 15-9
Мундуз айылындагы ички көчөгө ысым ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын 18.07.2014-жыл №144 географиялык аталыштар жөнүндөгү мыйзамынын 7-беренесин негиздеп, Мундуз айылынын Орто-Сай участкасындагы ички көчөгө эмгек ардагери Калчаев Жолдошбайдын ысымын ыйгаруу жөнүндөгү 1-октябрь 2019-жылдагы жыйналышынын протоколун мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын баяндамасында угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мундуз айылындагы Орто-Сай участкасындагы №3 ички көчөгө эмгек ардагери Калчаев Жолдошбайдын ысымы ыйгарылсын.
2. Мындан ары жогорудагы белгиленген көчө Калчаев Жолдошбай атындагы көчө деп аталсын.
3. Көчөгө Кыргыз Республикасынын шаар жана айыл жергелеринин өнүгүү процесстеринин талабына ылайык сиволикасы белгиленсин.
4. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | А.Маканбаев
|